Камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков эркиндикке чыкты

Бишкектеги ТИЗО-1де камакта отурган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков 27-декабрда эркиндикке чыкты. Бул тууралуу «Клоопко» саясатчынын жактоочусу Замир Жоошев маалымдады.

Мындай чечим быйыл декабрда күчүнө кирген Жазык-процессуалдык кодексине ылайык кабыл алынган.

«Равшан Жээнбеков баш коргоо чарасынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу тергөө абагынан бошотулду. Ал азыр үйүндө», — деп билдирди Жоошев.

Ал арада Жээнбековдун баласы Азат Равшан Фейсбуктагы барагына атасынын үйдө отуруп элге кайрылуу жасаган видеосун жарыялады.

«Бүгүн мен жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, эркиндикке чыктым. Эркиндик — аябагандай маанилүү, баалуу нерсе. Мени колдогондорго, ЖМКнын журналисттерине, жарандык коомго, тапарташтарым менен саясатчыларга, жылуу сөздөрүн айтып, колдоп турган адамдардын бардыгына ыраазычылык билдирем. Бардыгыңыздарга чооң рахмат. Бүгүндөн баштап эркиндиктемин», — деп билдирди ал.

Равшан Жээнбековдун камалышы

Равшан Жээнбеков — парламенттин экс-депутаты. Алмазбек Атамбаевдин президенттиги учурунда ал оппозицияда болгон. Бирок мурдагы президент куугунтукка алына баштаганда аны колдоп чыккан. Ал Атамбаевдин Кой-Таштагы резиденциясы штурмга алынганда аны колдоп барып, натыйжада өзү да камакка алынган. Учурда ал Кой-Таш окуясына байланыштуу иштин фигуранты.

Ал 2019-жылдын декабрь айында «Кой-Таш окуяларына» байланыштуу кармалган. Анда ага «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Адамдарды барымтага алуу» жана «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу» беренелери боюнча айып тагылган.

Равшан Жээнбеков.

2020-жылы октябрь окуяларында Жээнбеков бир катар саясатчылар менен кошо абактан бошотулган. Кийинчерээк сот анын бөгөт коюу чарасын үй камагына өзгөрткөн, бирок үй камактын эрежесин бузганы үчүн кайрадан кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-августта экс-депутат Равшан Жээнбековду ТИЗО-1ге камакка алуу чечимин чыгарган. Саясатчы өзүнө тагылган айыптоолорду бир канча ирет «саясий куугунтук» деп атаган.

Тергөө абагында отуруп саясатчы депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөн. БШКга документ тапшырып, бир мандаттуу округ боюнча ат салышуу укугуна сот аркылуу ээ болгон. 12-октябрда конвойдун коштоосунда Боршайкомго алып келинген.

Кийин БШК аны бир манданттуу округдун талапкери катары каттоого алган, бирок сот аны шайлоого катышып жаткандыгына байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн баш тартып, камакта калтырган.

Ал камакта отуруп шайлоого катышкан. Шайлоо аяктаган соң президент Садыр Жапаровдун камактагы саясатчыга добуш бергени белгилүү болгон. Президент эмнеге ага добуш бергенин түшүндүрүп, «Жээнбеков өз округунан утуп чыкса, камактан чыгар беле» деп ойлогонун айткан.

Бирок, Жээнбеков парламенттик шайлоодо Ленин округу боюнча шалоочулардын 10,60% добушуна ээ болгон. Ал эми аталган шайлоо окуругу боюнча Бишкек шаардык кеңештин экс-спикери Жаныбек Абиров 31,49% добуш менен алдыга чыккан.

Кой-Таш окуясы

Кой-Таш айылы. «Клооп» үчүн Дмитрий Мотиновдун сүрөтү.

Буга чейин, 22-декабрда Биринчи Май райондук соту Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулардын баш коргоо чарасын узарткан эмес. Ошол күнү адвокат Замир Жоошев соттун чечимине ылайык, камакта жаткан Равшан Жеенбеков 28-декабрда бошотулушу керектигин билдирген.

«Жээнбеков баштаган айыпталуучулар бир жылдан ашык ТИЗОдо жана үй-камагында болушту. Жаңы Жазык-процессуалдык кодекстин 303-беренесине ылайык, тергөө абагында жана үй камагында бир жылдан ашык кармоого болбойт», — деп билдирген Жоошев.

Кой-Таш окуясы боюнча 14 адамга сотко чейин өндүрүш иши ачылган, алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов, экс-депутат Равшан Жээнбеков, парламенттин депутаттары Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова жана Атамбаевдин тарапташы Кундуз Жолдубаева бар.

Жоошев буга чейин «Клоопко» маек куруп, «Кой-Таш окуясы» боюнча иштер 2020-жылы 26-февралда соттун өндүрүшүнө келип түшкөнүн, айыпталуучулар үй камагында жатканына үстүбүздөгү жылдын 26-февралында бир жыл толгонун айтып берген.

«Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина жана Кундуз Жолдубаева 28-декабрдан тартып эркиндикте болот. Соттук процесстерге милдеттүү түрдө келип турат», — деген адвокат.

Андан тышкары, ал ЖМКларда Фарид Ниязов дагы абактан бошотулат деп жарыяланганын белгилеп, бул жаңылыш маалымат экенин айткан.

«“Кой-Таш окуясы” боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, Фарид Ниязовго жана Канат Сагымбаевге бөгөт чара колдонулган эмес. 22-декабрда булардын маселеси каралган жок», — деген ал.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Равшан Жээнбеков үй камагынын шартын бузганы үчүн ТИЗО-1ге камакка алынды

«Камактагылар мусапыр болушат». Жапаров эмне үчүн Равшан Жээнбековго добуш бергенин айтты