Тажикстандын өтүнүчү менен Орусияда кармалган Эсен Мажитов бошотулду

2021-жылдын апрель айында тажик бийлигинин өтүнүчү боюнча Орусиянын Нижний Новгород шаарында кармалган Эсен Мажитов бошотулуп Кыргызстанга келди. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Фейсбук баракчасында билдирди.

Молдокматова жарыялаган тасмада Мажитов бошотулганын тастыктап, бул үчүн маданияттын мыкты кызматкерине ыраазычылыгын билдирген.

«Мен Орусия Федерациясында Тажикстандын жалган маалыматы менен камалганда сиз [Ассоль Молдокматова] биздин көйгөйүбүздү угуп, [президент] Садыр Жапаровго, [УКМКнын төрагасы] Камчыбек Ташиевге жеткирдиңиз. Сизге чоң рахмат!» — деди Мажитов.

Ал эми Молдокматова Тышкы иштер министрлиги Мажитовдун маселеси боюнча чоң иш аткарганын белгиледи.

Эсен Мажитовдун кармалышы

2020-жылдын 8-майында Баткен районунун Чек аймагы менен Тажикстандын Исфара районунун Кумазор айыл тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Жаңжалга такталбаган жердин талашка түшкөнү себеп болгон. Кайым айтышуу таш ыргытууга айланып, кийинчерээк ок да атылган.

Чырдан улам Көк-Таш айылындагы чек арага чектеш жайгашкан Мажитовдордун беш бөлмөлүү үйү өрттөлгөн. Үй менен кошо үй-бүлө мүчөлөрүнүн документтери, кийим-кечеси, буюмдары жана чогултуп жүргөн акча каражаттары да өрттөнүп кеткен.

Баш паанексиз калган үй-бүлөгө жергиликтүү бийлик, боорукер адамдар жана бир катар коомдук уюмдар да акчалай жардам берип, төрт айдын ичинде Мажитовдор үйлүү болушкан.

Үйдүн ээси Эсен Мажитов 2021-жылдын 18-апрелинде Орусияга эмгек миграцияга жөнөп кеткен. Ошол эле күнү аэропорттон Орусиянын күч органдары тарабынан кармалган. Буга Тажикстандын Исфара шаарынын прокуратурасы Мажитовго козгогон кылмыш иши негиз болгон.

Прокуратуранын кылмыш иши боюнча токтомунда «Мажитов Исфаранын тургунунун 0,60 гектар менчик чарба жерине өз алдынча жүгөрү эгип», «ал баштаган кишилер чек арадагы кырдаалды курчутуканы» жазылган.

Мындан улам 2020-жылдын 5-августунда Тажикстан Мажитовго «Массалык баш аламандыктарды уюштуруу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Мындай учурда 5-12 жылга чейин эркинен ажыратуу каралганы көрсөтүлгөн.

Кыргызстандын версиясы боюнча, такталбаган 5 миң чарчы метр жерди иш жүзүндө кыргызстандыктар иштетип келген. Бирок тажик тарап ошол күнү жерди бошотуп берүүнү жана айдаган эгиндерди бузууну талап кылышкан — ал жерде кыргызстандыктардын 20-30 жылдык бак-дарактары да болгон.

Баткен ОИИБден билдиришкендей, 2020-жылы чек арада чыккан чырдан соң Кыргызстан да Тажикстандын бир нече жаранына карата кылмыш ишин козгоп, издөө жарыялаган.

Адилдин президентке кайрылуусу

Сүрөт: Ассоль Молдокматованын фейсбук баракчасынан алынды

Мажитов Орусияда кармалгандан кийин анын баласы Адил Абдурахманов президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, чек ара маселесин чечип берүүнү суранган. Кайрылууда ал Тажикстандын чек арасы анын үйүнөн эки метр аралыкта жайгашканын айтып, «бул жакта жашоо коркунучтуу болуп калды» деген.

Аталган кайрылуудан кийин Абдурахмановдун апасына президенттик администрациядан байланышып аны менен өлкө башчысы жолугушуу ниетинде экенин билдиришкен. 2021-жылдын 6-май күнү Абдурахманов президент менен жолугуу үчүн Бишкекке келген.

Ал эми 10-майда Жапаров Абдурахманов жана ага жардам берген коомдук ишмер Ассоль Молдокматова менен жолугушуп, Эсен Мажитовдун маселесин толугу менен чечүүнү убада кылган.

2021-жылдын июль айында Мажитов эч жака кетпөө тил каты менен бошотулган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Баары күйүп, күл болду». Кыргыз-тажик чек арасындагы чырда үйсүз калган Мажитовдордун окуясы

Президент Орусияда кармалган Мажитовдун уулу менен жолугушуп, атасынын маселесин чечүүнү убадалады