Бишкек шаардык соту саясатчы Бактыбек Калмаматовду үй камагына чыгарды

Бакытбек Калмаматов сот залында. Сүрөт: «Азаттык» басылмасы

Бишкек шаардык соту 20-январда экс-депутат Бакытбек Калмаматовду 9-февралга чейин үй камагына чыгарды. Маалыматты «Клоопко» шаардык соттун басма сөз кызматынан тастыкташты.

2021-жылдын 24-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Калмаматовду 9-февралга чейин камакка алган. Ал УКМКнын тергөө абагында кармалып турган. Саясатчы «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» беренесинин негизинде шектелип кармалган.

Калмаматовдун жактоочулары мындай чечим менен макул болбой, Бишкек шаардык сотуна даттанышкан. 12-январда Калмаматовдун бөгөт чарасы боюнча сот отуруму өтүшү керек болчу. Бирок судья Шарабидин Токтосунов Калмаматов менен жеке тааныш экенин айтып, сот отуруму жылдырылган.

Бактыбек Калмаматовдун кармалышы

Бактыбек Калмаматов өткөн жылдын 22-декабрында «Манас» аэропортунда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ошол эле күнү ал сегиз сааттан ашуун суракка алынып, атайын кызматтын тергөө абагына 48 саатка камакка алынган.

Калмаматов тергөө абагына киргизилгенден кийин «ак жеринен камалганын» билдирген. Ал эми Калмаматовдун адвокаты Айым Камчыбекова саясатчынын кармалышын «саясий куугунтук» деп сыпаттаган.

«Бул ойдон чыгарылган айып. Элдин бары анын видеолорун көргөн. Эч кандай араздашуу, козутуу жок. Жалгыз оппозициялык саясатчыга карата куугунтук», — деген Камчыбекова.

Бактыбек Калмаматов — акыркы кездерде бийликти жана президент Садыр Жапаровду кескин сындап жүргөн саясатчылардын бири. Ал 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоого «Азаттык» партиясы менен катышкан. Бирок анын партиясы 5% босогодон өткөн эмес.

Калмаматов «Ата Мекен» партиясынын мурдагы мүчөсү жана парламенттин экс-депутаты. Ал үстүбүздөгү жылдын январында өткөн президенттик шайлоого катышып, 0,5% добуш алган.

Калмаматовго кызмат сунуштоо

Ал эми президент Садыр Жапаров 17-январда «Вечерний Бишкек» басылмасына маек куруп, 2020-жылдын 7-8-октябрында өкмөттү жетектеп баштаганда Калмаматовго биринчи вице-премьер-министрлик кызматын сунуштаганын айткан.

«“Байке, мен биринчи вице-премьер болуп иштей албайм, өкмөттүк иштерде иштеген эмесмин, тажрыйбам жок, ачыгын айтайын ишти тарта албайм, андан көрө мен депутаттыкка барам" деп кетип калган. Кийин карасам “вицеликти тарта албайм” деген Бактыбегим президент болом деп чыкты», — деген Жапаров.

Ошондой эле Жапаров оппозициячыл саясатчы Калмаматовдун «артында турган карт бөрүлөр “сен ушинтип кыйкырып чык" деп көкүтүп сүрөп коюп жатышат» деген пикирде. Өлкө башчысы Калмаматовдун артындагы саясатчылар ким экенин билерин белгилеп, «алардын да жооп берчү убактысы келет» деген.