Орозайым Нарматова: Ураимовдун аккаунтун бузуп кирип, комментарийди башка телефондон жазышкан

Экс-депутат «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова партиялашы Мирлан Ураимов «бийликти басып алуу тууралуу эч качан пикир жазбаганын» билдирди. Нарматова Ураимовдун Фейсбук-аккаунтун бузуп киришкен деп белгиледи.

Анын айтымында, «чагымчыл материалдарды тараткан» деген жүйө менен Ураимовдун кармалышына себеп болгон комментарий 22-январда башка телефондон жазылган. Нарматова дал ошол күнү Ураимовдун аккаунтун бузуп керишкенин белгиледи.

«“Ураимов жазды" деген комментарийди атайын тийиштүү тараптар жазганы жөнүндөгү далилдер төмөндө тиркелди. Ураимовдун [Фейсбук] барагын бузуп кирип, башка телефондон жазылганын табышты. Эсиңер барда мыйзамсыз аракетиңерди токтоткула бийлик! Силердин бийлигиңер менен акчаңардан улук Кудай бар! Тез аранын ичинде Ураимовду бошотуп койгула! Уят!», — деп жазды ал.

Ал арада социалдык тармактарда жарандык активисттер жана «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапташтары «Камасаңар баарыбызды камагыла» деген флешмоб уюштурушту.

Нарматова Фейсбук барагына «Бийликти басып алуу боюнча Камчыбек Ташиев мастер класс өткөрүп берсе жарай турган киши!» деп жазып, Ташиевдин эл алдында сүйлөп жаткан эски видеосун жарыялады.

Ураимовдун кармалышы

УКМКнын кызматкерлери Ураимовду 8-февралдын кечинде кармап, анын үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Активисттин жубайы тинтүү жүргүзгөндөрдүн протоколунда «Орозайым Нарматованын диплому боюнча» кылмыш иштин алкагында деп жазылганын кабарлаган.

Күч органдары Ураимовдун жубайынын жана кызынын телефондорун, ошондой эле процессор жана кагаздарды алып кетишкен.

9-февралда атайын кызмат Ураимовго «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо» беренеси менен айып тагылганын кабарлаган. Тергөөнү версиясы боюнча, Ураимов социалдык тармактарда «чагымчыл материалдарды тараткан».

Мирлан Ураимов.

Ал эми Ураимовдун жактоочусу Юлия Богданова күч органдары анын кардарын «соцтармактарда калтырган комментарий үчүн кармаганын» билдирген. Бирок адвокат Ураимов эч кандай чакырыктарды жасабаганын жана комментарийлер «анын стилинде жазылбаганын» белгилеген.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 9-февралдагы маалымат жыйында Ураимов соцтармактарда «бүгүнкү бийликти алмаштырыш керек» деп, президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге «ар кандай аттарды коюп, чакырыктарды жасаган» деп билдирген.

Зулушев кимдир бирөөнү «жамандаган үчүн кылмыш ишин козгоо туура эмес экенин», бирок ошол эле учурда «жамандагандын оюнда чакырык же мамлекеттин коопсуздугуна шек келтире турган аракеттер болсо» ал киши жоопко тартылышы керектигин белгилеген.

Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери жана Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Ураимовдун кармалышы партияга карата кысым деп баалаган. Ошондой эле саясатчы УКМКга жана ИИМге кайрылып «түндө барып баса калган практиканы токтотууну» талап кылган.

Ал эми Бишкектин Биринчи май райондук соту Ураимовду УКМКнын тергөө абагына 26-мартка чейин киргизген. Ураимовдун жактоочулары мындай чечим менен макул болбой, беш күндүн ичинде аппеляциялык тартипте даттана турганын билдирген.

Тема боюнча дагы окуңуз:

«Бүтүн Кыргызстандын» мүчөсү Мирлан Ураимов эки айга камакка алынды

«Түндө барып баса калган практиканы токтотпойсуңарбы?». Мадумаров Ураимовдун кармалышы тууралуу