Алтынбек Сулаймановдун ордуна Эмил Жамгырчиев депутат болду

Бүгүн, 2-мартта «Альянс» партиясынын талапкери Эмил Жамгырчиевге депутаттык мандат тапшырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жамгырчиев 24-февралда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Алтынбек Сулаймановдун ордуна депутат болуп келди.

Эмил Жамгырчиев. Сүрөт: Жогорку Кеңешитн басма сөз кызматы.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы партияга бөлүнгөн мандаттар талапкерлердин алган добушуна, башкача айтканда рейтингине карата бөлүштүрүлөрүн билдирген.

Боршайком башка талапкерлерге карганда Жагырчиевдин рейтинги жогору болгондуктан, бошогон мандат ага өтөт деп түшүндүргөн.

Эмил Жамгырчиев жана «өрдөк эти» чуусу

Жамгырчиев 2018-2020-жылдары Каржы полициясынын төрагасынын орун басары кызматын аркалаган.

2019-жылы жеке ишкер Эмир Эмилканов арыз менен кайрылып, Жамгырчиев жана өкмөт аппаратынын башчысынын мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов андан «50 миң доллар опузалаганына» билдирген.

Эмилканов 2018-жылы Кытайдан Бишкекке 80 тонна өрдөктүн этин алып кирүүгө аракет жасаган. Мындан улам Эмилкановго карата «Аткезчилик» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ишкердин айтымында, ал алгач Калмуратовго кайрылган. Калмуратов маселени «Жамгырчиев аркылуу чечип беремин» деп, 50 миң доллар сураган. Эмилкановдун айтымында, ал параны Калмуратовго бергенде ал Жамгырчиевге чалып «акча келди, алып кетиңиз» деп айткан. Кийинчерээк Жамгырчиев өзү келип, «50 миң долларды алып кеткен».

Пара бергенине карабастан Эмилканов «Аткезчилик» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга шарттуу кесилген. Эмилканов эки аткаминердин үстүнөн УКМКга арыз жазган.

Бул окуядан кийин Калмуратов кызматынан четтетилген. Ал эми Жамгырчиев ишкердин айткандарын «ыплас ушак» деп атаган.

2020-жылдын октябрь айында Жамгырчиев жана Калмуратов «Пара алууга» шектелип кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Бирок 2021-жылдын февралында Жамгырчиев үй камагына чыгарылган. Биринчи май райондук сотунан ал казынага 20 млн сом төлөгөнүн билдиришкен.

Арадан эки ай өтүп сот Калмуратовду да үй камагына чыгарган.

Анткен менен Жамгырчиев мамлекетке 20 млн сом төкпөгөнүн билдирген. Анын айтымында, ал «мамлекетке зыян келтирген эмес».

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 19-ноябрда Жамгырчиев менен Калмуровду актаган. Прокурор бул беренелер менен алардын күнөөсү так аныкталганын, аларды 15 жылга эркинен ажыратып, 250 миң сом айып салууну өтүнгөн.

Бирок сот бардык беренелер боюнча кылмыштын курамы жок болгондуктан Жамгырчиев менен Калмуратовду актап, аларга реабилитациялоо укугун кайтарып берген.

Сот Калмуратовго тагылган айыпты «Алдамчылык» беренесине алмаштырып, жабырлануучу Эмир Эмилкановдун доосу жок болгондуктан улам бул ишти кыскарткан.

Бул Жамгырчиев тоскоолдуксуз эле парламент депутаты боло алат дегенди билдирет. Ал депутаттыкка талапкерлигин «Альянс» партиясынан көрсөткөн.

Тема боюнча дагы окуңуз:

«50 миң доллар пара алууга» айыпталган Эмил Жамгырчиев «Альянс» менен шайлоого аттанды

Прокурор «Альянстын» талапкери Эмил Жамгырчиевди 15 жылга кесүүнү өтүндү