«Мени өмүр бою кескиле!». Атамбаев айнек тосмону тепкилегенден кийин сот залынан чыгарылды

Сүрөт: 24.kg басылмасы

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 8-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда айнек тосмону тепкилегенден кийин залдан чыгарылды. Анда 2020-жылдын октябрь окуялары боюнча соттук отурум өтүп жатат.

Буга чейин Атамбаевдин жактоочулары мурдагы президенттин ден соолугуна байланыштуу отурумдарды онлайн өткөрүү боюнча өтүнүч келтирген. Бирок сот буга негиз жок экенин айтып, Атамбаев жана президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов отурумга абактан алынып келинген.

Атамбаев судьяда аны залдан чыгарып салышы үчүн тартип бузууга аргасыз экенин айтты.

«Бул деген мазактоо. Мени өмүр бою кескиле, акмактар! Бирок мени шылдыңдап, кыйноону токтоткула. Менде үч грыжа бар, МРТнын сүрөтү бар. Беспределди токтотуп, мени сот залынан чыгаргыла», — деп Атамбаев айыпталуучулар отурган камеранын айнек тосмосун тепкилей баштады.

Мындан улам судья мурдагы президентти сот залынан чыгарып салды.

Октябрь окуялары боюнча 4-апрелдеги отурумда дагы Атамбаев өзүн жаман сезип, аны тез жардам алып кеткен.

Ал эми буга чейин 23-мартта Атамбаев «Кой-Таш окуясы» боюнча отурумга ден соолугуна байланыштуу катышкан эмес. Анын жактоочусу Замир Жоошев Атамбаев ооруп жатканына карабай, Жаза аткаруу кызматынын аскерлери аны күч менен сотко жеткиргенин билдирген. Атамбаев райондук соттун имаратына жеткирилген соң унаадан түшүүдөн баш тарткан.

Анын эртеси күнү Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери Атамбаев менен №47 колонияда маектешкен. Мурдагы президент борбордун өкүлдөрүнө колониянын кызматкерлери аны тыш кийими жана бут кийими жок көчөгө сүйрөп чыгып, сотко алып келишкенин айтып берген.

Буга президент Садыр Жапаров дагы реакция жасап, Атамбаевдин сотко катышпаганын сындаган. Мурдагы президент Жапаровго жооп кайтарып, «сотко барганда деле эчтеке өзгөрбөйт» деп, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотуу иши боюнча 11 жылга кесилгенин эске салды. Атамбаевдин айтымында, анын жаш курагында бул «өмүр бою эркинен ажыратууга барабар».

Дагы окуңуз:

«Майдаланба, президент айкөл болушу керек». Алмазбек Атамбаев Жапаровго жооп берди

Алмазбек Атамбаев өзүнө жасалган мамилени «майдачылдык» деп атады