Чек ара чырында октон жарадар болгон тажик аскери каза болгону айтылды

Кыргыз-тажик чек арасында 12-апрелде курал колдонуу менен чыккан чырда жарадар болгон тажик аскери каза болду. Бул тууралуу «Озоди» басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, 27 жаштагы аскер Зоир Сайдумаров ооруканада каза болгон. Жаңжалда анын көкүрөгүнө жана ичине ок тийген. Аскер 13-апрелде жерге берилди.

12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында кайрадан курал колдонуу менен чыр чыкты. Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик аскерлери токтоо талабына баш ийбей Кыргызстандын аймагына кирип кеткенден улам чыр чыкканын билдирген.

Ал эми Тажикстандын Чек ара кызматы окуя боюнча расмий маалымат бере элек.

Ок атышуу эки тараптын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин токтоп, кошумча күчтөр жана каражаттар артка кайтарылды.

Чек ара жаңжалында кыргыз тараптан жалпысынан алты киши жабыркады алды — алардын бири аскер кызматкери. Ошондой эле Баткен жана Лейлек районунун 18 507 тургуну кырдаалга байланыштуу коопсуз жайга эвакуацияланып, 13-апрелде кайрадан үйлөрүнө кайтышты.

КЕНЕНИРЭЭК ОКУҢУЗ:

Чек ара: Эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү, тургундар үйлөрүнө кайта баштады

Баткен жана Лейлек районунун чек арага чектеш айылдарынын тургундары эвакуацияланды

Чек арадан кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мурдагы ордуна чыгарып кетүү макулдашылды

Баткен облусунун башчысы: Учурда чек арадагы кырдаал биздин көзөмөлдө турат

Тажикстан Баткен районунда аскерлерди аткылап, кошумча күчтөрдү тартууда

Чек ара кызматы: Тажик тарап Достук айылын миномёт менен аткылады, жаракат алгандар бар