«Пиарчы экен». Жапаров бийлик Дөөлөт Сыдыковду куугунтуктаган жок деп билдирди

Президент Садыр Жапаров манасчы Дөөлөт Сыдыков куугунтукталган жок деп билдирди. Бул тууралуу өлкө башчысы 7-майда «Кабар» маалымат агенттигине берген интервьюсунда айтты.

Ал «президенттик сөзү» менен Сыдыковдун коопсуздугуна кепилдик берерин баса белгиледи. Ошондуктан, Жапаровдун айтымында, манасчы «көрүнгөн өлкөдө тентип жүрбөй эртелеп эле кайта берсе» болот.

Ошондой эле Жапаров Сыдыковду «манасчы эмес эле пиарчы» деп ойлоп калганын билдирди. Президенттин айтымында, «Сыдыковдун сөздөрүнө маани берип, аягына чейин укса, “бир сөзү миң кайталанат”. Саякбай Каралаев манас айтканда бир да сөзү кайталанбайт».

«Баары бир бир күнү келет. Азыр Дөөлөт эмес, Дөөлөттөн миң эсе байлар чет өлкөдө жашай алышпайт. Чет өлкөдө жашаш оюнчук эмес. Жашап көргөм мен дагы үй-бүлөм менен. Бул же пиар үчүн ушундай кадамга барды, же ниети бузук адамдардын жетегинде кетип калды», — деди президент.

Андан тышкары, Жапаров Дөөлөт Сыдыковду бир нече жолу «жакшы ой менен» чакырганын, бирок ал келбей койгонун белгиледи.

Президент Сыдыковго «Манас айылынын» даяр долбоорун жана бул аймак батыш тарапка карай 7-8 гектарга кеңейтилерин көрсөткүсү келгенин кошумчалады.

«Манас айылына үч кабаттуу боз үй, андан тышкары, бир топ боз үйлөр, театр салынып жатат. Муну көрсөтөйүн дегем. Балким жаш бала жасалып жаткан иштерди көрбөй-билбей адашып аткандыр, толук маалымат алса түшүнүп кайра тескерисинче [долбоорду] колдоп калаар деген ой менен чакыргам», — деди Жапаров.

Мындан тышкары, президент Сыдыков бир жылдай башчы болуп иштеген «Манас айылы» «иттер менен селсаяктардын дааратканасы болуп калыптыр» деп белгиледи.

«Эң жок дегенде колуна күрөк алып, анча-мынча болсо да тазалап койсо "ии мекенчил бала экен" деп каласың го. Ошону калтыр дейт. Баланын мээси ордунда эмес экен. Ошондон кийин теңелбей эле коёлучу дедим», — деди ал.

Жапаров жакын арада аталган жер эл жык жыйма барып эс алып, тойлорун өткөрүп турчу чыныгы «Манас айылы» кылып жасаларын кошумчалады. Анын айтымында, болгону «сабыр кылып туруу» керек.

Манасчынын өлкөдөн чыгып кетиши

5-майда манасчы Дөөлөт Сыдыков үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон. Манасчы өзү басым-кысымдан улам «айла жоктон» өлкөдөн чыгып кеткенин билдирип, бирок кенен маалымат берген эмес.

«Эми анын ачык даанасын айтканда деле, мага, үй-бүлөмө тынчтык керек, ошого айткым да келбей жатат [...] Күмөн санаса санай берсин, мен үчүн өз жеримден кетип калыш тамаша эмес же оюнчук эмес да», — деген ал «Би-Би-Си» басылмасына курган маегинде.

Сыдыков азырынча кайсыл өлкөгө чыгып кеткенин ачыктай албасын, Кыргызстанга качан кайтарын билбей турганын белгилеген.

Дөөлөт Сыдыков Гиннес китебине кирүү үчүн Москвада 111 саат Манас айтты

14 сааттан ашык убакыт манас айтуу тууралуу даректүү тасма тартылат

«Манас айылынын» айланасындагы чыр

Өлкөдөн чыгып кеткенге чейин Сыдыков Дөөпрезидент Садыр Жапаров маданият министри Жаманкулов аркылуу «салам дубай» айттырганын айткан. Ал муну «Манас айылы» этно-маданий комплекси боюнча бийликтин аракеттерин сынга алганы байланыштырган. Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы «эскертүүлөр» боюнча комментарий беришкен эмес.

Сыдыков «Манас айылынын» аймагында президенттин администрациясынын жаңы имараты үчүн парк куруп, этнокомплексти Бишкектин сыртына көчүрүү аракети болуп жатканын жазган.

Сыдыков ошондой эле «Ысык-Көл» мейманканасын сүрдүрүү менен алектенген компаниянын кызматкерлери «Манас айылынын» тосмосун да мыйзамсыз сүрдүрө башташканын, президенттин администрациясы үчүн комплекстин аянтынан 5 гектар жерди алууга аракеттенишкенин билдирген.

Манасчынын мындай билдирүүсүнөн кийин тымында, президенттин администрациясынын басма сөз кызматы «Манас айылынан» 5 сотых жер административдик имараттын аймагын теңдөө үчүн алынып жатканын билдиришкен.

Кийинчерээк этнокомплекске президент Садыр Жапаров барып, ал жердин аянты кеңейтилип, музей жана үч кабат боз үй куруларын айткан. Бирок 5-майда, өлкөдөн чыгып кеткенден кийин Сыдыков бийликтин айткандары «калп» экенин, этнокомплекстин аянты эбак кичирип кеткенин билдирген.

Тема боюнча: Дөөлөт Сыдыков: Манастын өз жеринде «Манаска» орун жок калган заманга келип калыптырбыз