Шаардык сот Болот Темировдун ишинен «жөнсүз далилдерди» алып салууга каршы болду

Бишкек шаардык сотунда 6-июнда иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши боюнча отурум болду. Бул тууралуу «Клооптун» кабарчысына журналисттин жактоочусу Бакыт Автандил кабарлады.

Юрист 2022-жылдын май айынын орто ченинде Темировдун адвокаттары алгачкы соттук угууда Свердлов райондук сотунан айрым «жөнсүз далилдерди» алып салууну өтүнүшкөнүн айтып берди. Юристтердин оюнча, алар мыйзам бузуулар менен алынган.

Буга чейин журналисттин дагы бир адвокаты Разак Ашимбаев «жөнсүз даллдерге» Temirov Live командасынын кеңсесин тинтүүдө жаздырылган видеолор, ошондой эле тинтүүнү жүргүзгөн милиция кызматкерлеринин көрсөтмөлөрү кирерин айткан. Адвокаттар милиция кызматкерлери кызыктар тарап эсептелинерин, алардын көрсөтмөлөрү далил боло боло албасын белгилешкен.

Анда Свердлов райондук соту адвокаттардын өтүнүчүн канааттандырбай коюп, юристтер чечимди Бишкек шаардык сотуна барып даттанууну чечишкен.

Бирок Бакыт Автандилдин айтымында, Бишкек шаардык соту мурунку инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Темиров өзү шаардык соттун судьялары чечимди отурумга чейин эле дайындап коюшкан эсептейт.

«Абсурд уланууда. Соттор эч ким эместигин дагы бир жолу далилдешти», — деп жазды журналист.

Темировго карата козголгон кылмыш иштери

Учурда Болот Темировго карата жалпы төрт кылмыш иши козголгон: паспорт жана аскердик билетти мыйзамсыз алуу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана баңги заттарын даярдоо. Кылмыш иштердин бардыгы Temirov Live’дын журналисттери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары мамлекеттик тендерлерге катышып жаткандыгы тууралуу иликтөөлөрүн жарыялагандан кийин козголгон.

Темиров бул кылмыш иштерди журналисттердин тобу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыкка чыгарганы үчүн куугунтук катары баалаган. Адвокаттар журналистке карата козголгон кылмыш иштерин «толугу менен абсурд» деп аташкан.

Буга чейин адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR) жана Жарандык укук коргоочулар (CRD) бийликтен иликтөөчү журналист Болот Темировго карата тагылган айыптарды алууга чакырышкан.

Уюмдагылар Темировго карата кылмыш иштер «саясий жүйөөлүү» жана «жогорку бийлик бутактарындагы коррупция тууралуу иликтөөлөр үчүн анык эле өч алуу» деп билдиришкен.

Дагы окуңуз: Temirov Live’дын журналисти кимдир бирөө үйүнүн жанына белгисиз зат таштап кеткенин кабарлады

Аңдуулар жана шантаж. Журналист Болот Темировго карата чабуул кандайча уюшулган?

Сот Болот Темировдун негизсиз далилдерди жокко чыгаруу өтүнүчүн канааттандырган жок

Кыргызстанда ЖМКга карата басым күчөп жатат