Temirov Live: Интимдик видеонун авторун жоопко тартуу боюнча арыз Биринчи май райсотуна кайтарылды

Бишкек шаардык соту 8-июнда Temirov Live YouTube каналынын кызматкеринин арызын Биринчи май райондук сотуна кайтарды. Буга чейин Аскер прокуратурасы жабырлануучунун жеке жашоосунун видеосун соцтармактарга тараткан шектүүгө карата кылмыш ишин козгоодон баш тарткан, ал эми Биринчи май райондук соту бул чечимди колдогон.

Temirov Live’дын кызматкеринин адвокаты Бакыт Автандил уулунун айтымында, райондук сот чечимин Аскер прокуратурасынын чечимине даттануу мөөнөтү өтүп кеткен деп негиздеген. Бирок шаардык соттун 8-июндагы отурумунда райсоттун чечиминде мөөнөт тууралуу эч нерсе жазылбаганы, ал эми шаардык соттун коллегиясы арызды райондук сотко кайтарып бергени аныкталды.

«Азыркы учурда Бишкек шаардык соту арызды райондук сотко жөнөттү. Райондук сот менин өтүнүчүмдү канааттандырса, кайра шаардык сотко келип, арызды караса болот», — деп белгиледи ал.

Бакыт Автандил уулу. Сүрөт: Kloop.kg

Адвокаттын пикиринде, Биринчи май райондук соттун алешемдиги «иш УКМКнын көзөмөлүндө экенин далилдеп турат».

«Кантип эле тажрыйбалуу соттор даттанууну инстанцияга (Бишкек шаардык сотуна— ред.) [мөөнөттөрүн] унутуп калсын? [УКМК ушундай жол менен] иштин жүрүшүнө тоскоолдук кылып жатат, бул иш боюнча кандайдыр бир оң чечим күткөн жокпуз», — деди ал.

Temirov Live’га карата көкүтүү

Буга чейин соцтүйүндөрдөрдө атайын кызматтын секс-шантажынын курмандыгы болгон Temirov Live редакциясында иштеген кыздын интимдик мүнөздөгү видеосу пайда болгон. Бул окуя Temirov Live’дын жетекчисин редакциянын кеңсесинен кармап, чөнтөгүнөн баңгизат табылгандан кийин болгон. Темиров өзү ага «баңгизатты салып коюшканын» айткан.

Темиров «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик ишканасы чыгарган мазутту экспорттоодогу күмөндүү схемалар боюнча иликтөө чыгаргандан кийин кармалып, Temirov Live’дын кеңсеси тинтүүгө алынган. Журналисттердин айтымында, аталган схемаларга УКМКнын башчысы Камчыбек Ташевдин туугандарынын тиешеси бар болушу мүмкүн.

«Клооп», OCCRP жана «Азаттыктын» журналисттери иликтөөсүндө интимдик видеонун тарап кетишине УКМКнын кызматкерлеринин тиешеси бар экенин аныкташкан.

Болот Темировдун кармалышы. Сүрөт: Азиза Раибердиева.

Темировдун командасында иштеген кыз спорт залда бир жигит менен таанышып, бара-бара алардын ортосунда жакын мамиле пайда болгонун айтып берген. Кийинчерээк укук коргоо органдарындагы булак аталган жигит атайын кызматта, УКМКда иштерин билдирген. Кыз жигит мамиледе жүргөндө экөөнүн интимдик видеосу жашыруун камерага тартып алынган. Андан кийин өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деп тааныштырган бир нече киши кыздан Темировдун иликтөөлөрү тууралуу маалымат берүүнү талап кылып, эгер баш тартса турмушун талкалап, ата-энесинин кадыр-баркын түшүрөбүз деп коркутушкан.

УКМК Temirov Live’дын иликтөөчү журналисттерин кодулоого атайын кызматтын тиешеси бар деген божомолдорду четке каккан. Алар соцтүйүндөргө тарап кеткен видеолорго атайын кызматтын кызматкерлеринин «эч кандай тиешеси жокутугун» белгилешкен.

«Кээ бир кызыктар жактар атайын кызматтын дарегине далилсиз, аргумент келтирбестен аны күнөөлөп, “катуу сөздөрдү, эпитеттерди” айтып, ошону менен коомчулукту күч органдарына каршы иш-аракеттерди кылып жатканы таң калтырат», — деп комментарий берген УКМКнын басма сөз кызматы.

Бирок Temirov Live’дын иликтөөчүлөрү жакында эле интимдик видеону жарыялоого тиешеси бар делген УКМКнын кызмакерин тапкан.

Сүрөт: Болот Темиров.

Журналисттер аталган жаран УКМКнын 5-бөлүмүндө иштей турганын, аты Бексултан болушу мүмкүн деп болжошкон. Алар бул жигит Temirov Live’дын кызматкеринин жеке жашоосун ачыкка чыгарууга, коркутууларга жана Темировдун паспортуна байланыштуу иш боюнча далилдерди жасалмалоого тиешеси бар болушу мүмкүн деп белгилешкен.

УКМК бул маалыматка азырынча комментарий бере элек.

Учурда Болот Темировго карата жалпы төрт кылмыш иши козголгон: паспорт жана аскердик билетти мыйзамсыз алуу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана баңги заттарын даярдоо. Кылмыш иштердин бардыгы Temirov Live’дын журналисттери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары мамлекеттик тендерлерге катышып жаткандыгы тууралуу иликтөөлөрүн жарыялагандан кийин козголгон.

Темиров бул кылмыш иштерди журналисттердин тобу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыкка чыгарганы үчүн куугунтук катары баалаган. Адвокаттар журналистке карата козголгон кылмыш иштерин «толугу менен абсурд» деп аташкан.

Дагы окуңуз: Аңдуулар жана шантаж. Журналист Болот Темировго карата чабуул кандайча уюшулган?

Сот Болот Темировдун негизсиз далилдерди жокко чыгаруу өтүнүчүн канааттандырган жок