Милиция Ысык-Көлдө 16 жашар кыз уурдалганын четке какты. Бул ишти кыскартуу аракетиби?

Эмне болду эле?

12-июлда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы айылдардын биринде 16 жаштагы кыз уурдалганы маалым болгон. Бул боюнча облустук милициядан жергиликтүү тургун арыз менен кайрылганын билдиришкен.

Арыз ээси 11-июль күнү эртең менен Түп районуна караштуу айылдардын биринен Чүй облусунун Кара–Балта шаарына 16 жаштагы кыз уурдалганын жазган.

«Аталган арыз Каракол шаардык Ички иштер башкармалыгын маалыматты каттоо электрондук журналына катталып, арызда көрсөтүлгөн жагдай менен таанышып чыгуу үчүн материалдар Түп РИИБне өткөрүлүп берилген», — деп белгилешкен Ысык-Көл ОИИБнен.

Алардын маалыматына ылайык, арыз ээси уурдалган кыздын дос баласынын атасы. Ал эми кыздын ата-энеси, милиция маалымдагандай, кызы уурдалганы уурдалганы тууралуу арыз жазуудан баш тартып, «кыздын айланасында ызы-чуу чыгарбоону талап кылышкан».

Кыз уурдоо. Иллюстрациялык сүрөт.

12-июлда милиция кыз табылып, үйүнө жеткирилгенин кабарлаган. Ал жактан кыз жеткирилгенден кийин ата-энесинин көзүнчө сурак берерин белгилешкен. Милиция эгер мажбурлап уурдалганын тастыктаса, анда кылмыш иши козголорун айтышкан.

Милиция кызды уурдоого шектүүлөр кармалды-жокпу айткан эмес.

Милиция эмне дейт?

12-июль күнү кечинде облустук милиция бул иш боюнча жаңы маалыматтарды тараткан. Маалыматта уурдалган кызды үйүнө милиция келгенге чейин энеси алып келгени айтылган.

«Кыздын [апасынын] айтымында, окуядан бир күн мурда кызын көп телефондо көп отурат деп урушкан. Кызы таарынып, эртеси күнү Түп районундагы айылдардын биринде жашаган чоң энесинин үйүнө кетип калган. Апасы кызын артынан таап барган. Бул көрсөтмөлөрдү 16 жаштагы С.А. аттуу кыз өзү да жана 46 жаштагы атасы да тастыкташты», — деп айтылат милициянын маалыматында.

Милициядан 16 жаштагы кыз арызда уурдап кетти деп көрсөтүлгөн кара-балталык жигитти тааныбасын айтып бергенин дагы кошумчалашты.

«Түп РИИБдин Тергөө кызматы тергөөгө чейинки иштерди жүргүзүп жатат», — деп кошумчалашты облустук милициядан.

Арыз ээлери эмне дейт?

Кыздын уурдалганы боюнча арыз жазууга жардам берген укук коргоочу Камил Рузиев «Клоопко» интервью берип, окуянын башкача версиясын айтып берди. Анын айтымында, кыз чындап эле уурдалган.

«Ал кыз сүйлөшүп жүргөн жигиттин атасынан [телефондон] ыйлап жардам сураган. Жигит атасы менен милицияга кыздын суранычы менен азыр жазганы барышкан. Ал сүйлөшүүлөрдүн баарын Каракол ШИИБдин кызматкерлери өздөрү да угушкан. Кечээ кыздын апасы менен да сүйлөшүшкөн. Ал кызынын артынан барып таап алганын айткан. [Ал] баарын өзү териштирип аларын айткан. Эгер кыз чоң энесине кетип калган болсо, анда аны издешмек эмес да, энеси дагы туугандары менен артынан барбайт эле да», — деди укук коргоочу.

Кыз уурдоо. Иллюстрация: Алина Печенкина «Клооп» үчүн

Рузиев кыз Кара-Балта шаарына жакын жерден табылганын кошумчалады.

«Ал кайда алып кетишкенин өзү деле билбептир. Ыйлап жардам сураган», — деп белгиледи ал.

Укук коргоочунун пикиринде, милиция «кыз чоң энесине кетиптир» деп айтуу менен маалыматтарды каттоо журналына кыз уурдалды деп кирип калган фактты кыскартып салууга аракет кылып жатат.

«Адатта арыздардын көбү эле ушинтип кыскартылып калат. Бул жакшы эмес, мыйзамсыз», — деп баса белгиледи Рузиев.

Укук коргоочу бардык, өспүрүм кыздын да, ата-энесинин да көрсөтмөлөрүн текшерип, юридикалык баа берүү керек деп белгиледи.

Кыздарды жана аялдарды уурдоо

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2021-жылы аялды уурдап, мажбурлап никеге тургузуу боюнча 560 факты катталган.

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бул кылмыш иштери Жазык кодексинин төрт беренеси менен катталган — «Никеге туруу максатында ала качуу», «Иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо», «Адамды никеге турууга мажбурлоо», «Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу».

«82 иш сотко жөнөтүлгөн, 460 иш кыскартылган, өндүрүштө дагы 14 иш бар», — деп билдирген Зулушев.

Көпчүлүк учурда мындай окуялар сотко жете бербейт, ал эми мыйзам бузгандар тиешелүү жазасын албай келет. Агрессордун жазасыз калышы уурдалган кыздын өлүмү менен аяктаган учурлар бар.

2021-жылы маркум Айзада Канатбекованын тагдыры аянычтуу аяктаган. Айзаданы Замирбек Теңизбаев аттуу жаран уурдап качып, зордуктап, кызды өлтүрүп, кийин өзүнүн да жанын кыйган. Окуя коомчулукта резонанс жараткандыктан, Теңизбаевге кызды уурдоого жардам бергендер реалдуу жазасын алып, эркинен ажыратылышкан. Бирок кыздын өлүмүнүн алдын албаган милиция кызматкерлери тиешелүү жазасын алышкан жок.

Буга чейин ушундай эле окуя болгон, 2018-жылы 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызы милиция бөлүмүнөн каза тапкан. Шектүү кызды зордоп никеге тургузуу максатында уурдаган, бирок алар кармалып милиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийин кызга бычак сайып өлтүргөн жана өзүн өлтүрүүгө аракет кылган.

Дагы окуңуз:

Айзаданы уурдоо. Милиция окуянын чоо-жайын айтып берди

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты