Баткенде жол кырсыгы катталып, 31 жаштагы медайым каза тапты

Иллюстративдик сүрөт

Баткен облусундагы Кадамжай районунун Үч-Коргон жалпы дарыгерлик практика борборунун медайымы жол кырсыгынан каза тапты. Бул тууралуу облустук ЖКККБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 23-июлда катталган. Аталган борбордун бөлүмдөрүнүн биринин жамааты эс алууга чыккан.

Кайра келе жатканда «Лексус» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай ала салып кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаада бараткан медайым каза болгон. Ал 31 жашта болчу.

Учурда кырсыктын чоо-жайы иликтенип жатат.

Кыргызстанда жыл сайын жол-транспорт кырсыктары көбөйүүдө. 2021-жылы өлкөдө 7 437 транспорт кырсыгы катталган, бул 2020-жылдагыга салыштырмалуу 22,9%га көп. Анда жол-транспорт кырсыктарынан 800дөн ашык адам каза тапкан.

Ал эми акыркы төрт жылда өлкөдө 32 миңден ашык жол кырсыгы катталып, 4006 адам каза тапкан. 49 639 киши түрдүү жаракаттарды алган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен: Жол кырсыгынан бир киши каза таап, төртөө ооруканага түштү

Баткенде жол кырсыгынан үч адам каза болуп, жети киши жаракат алды