Каракол: Сот майыптыгы бар аялды сабаган адамды 6 жылга эркинен ажыратты

Каракол шаардык соту майыптыгы бар аялын катуу сабаган кишини 6 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу «Клооптун» журналистине укук коргоочу Камил Рузиев билдирди.

Анын айтымында, айыпталуучу «Уруп-сабап кыйноо» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Бирок айыпталуучу тарап биринчи инстанциянын чечимин Ысык-Көл облустук сотуна арызданмакчы.

Рузиевдин белгилешинче, учурда жабырлануучу эки баласы менен Чолпон-Ата шаарындагы кризистик борбордо.

«Биз жабырлануучуну турак жай менен камсыздап берүүнү суранып мэрияга жана президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө кайрылганбыз, бирок макул болушпады. Үй-бүлө турак жайга муктаж», — дейт укук коргоочу.

Аялдын катуу сабалганын Камил Рузиев15-майда айтып чыккан. Анын айтымында, сабалгандан кийин аял оор абалда Ысык-Көл облустук ооруканасына түшкөн.

Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлери шектүүнү 16-майда кармап, Каракол шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизишкен.

Үй бүлөлүк зомбулук жана фемицид

Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп саналат. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.

Ошондой эле, Amnesty International 2021-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук «кең мүнөздүү» болгонун белгилеген. Уюмдун баяндамасында жабыркагандар кол салгандардан экономикалык жактан көз каранды болгондуктан жана кепке калуудан корккондуктан милицияга көп деле кайрылбаганы айтылган.

Кыргызстанда майыптыгы бар аялдар эки эсе аялуу. Өлкөдө эң аз дегенде 197 миң адамдын майыптыгы бар.

«Майыптыгы бар кыздар дискриминацияга эки эсе туш болушат. Биринчиден аял болгону үчүн, экинчиден майып болгону үчүн. Алар зордуктоо болгон учурда алсыз болушат», — деген «Теңдик» майыптар союзу» коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлмира Казакунова.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2021-жылы 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталган.

Үй-бүлөдөгү кол салуучуну реалдуу мөөнөткө соттотуу абдан кыйын — кылмыш иштеринин көбү административдик жоопкерчилик катары каралып калат, ал жерде күнөөкөр адам айып пул төлөп же административдик иштерге тартылып жазадан кутулуп кете алат. Ошол эле кезде жазага тартылбасын билип, үй-бүлөдө зомбулугун уланта берет.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Эгер сиз же жакындарыңыз зордук-зомбулукка кабылса төмөнкү кризистик борборлорго кайрылсаңыз болот.

Кризисттик борборлордун даректери:

  • «Шанс» кризистик борбору: Бишкек, Чүй проспектиси 207, 509-кабинет - 0709 710 320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 - 0312512640
  • «Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош, Ленин көчөсү 205/105 - 0772328960
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош обл. Гүлчө айылы - 0555281423
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 205 - 0776380777
  • «Ак жүрөк» кризистик борбору: Ош, Ленин көчөсү 205 - 0 550 231 329, 0 322 245 976
  • «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773843461
  • «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700257890
  • «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557484713
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777393077
  • «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084
  • «Аялзат — аялдардын демилгесин колдоо» коомдук уюму: Каракол, Абдрахманов көчөсү 105-14 - 0392 251 091, 0553 835 717;
  • «Алтынай» кризистик борбору — Чолпон-Ата шаары - 0709 694 550
  • «Мээрман» кризистик борбору — Каракол шаары - 0706 383 637
  • «Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору: Каракол - 0702 223 535 — түз байланыш номери - 0551 733 390.

Тема боюнча окуңуз: «Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

«Сен эч нерсеге татыбайсың!». Зомбулукка кабылган кыргызстандык үч майып аялдын окуясы