Өлкөнүн бардык мечиттеринде адеп-ахлак жана киши өлтүрүүнүн кесепеттери тууралуу баяндар өтүлөт — КМДБ

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) өлкөнүн бардык мечиттеринде зомбулукка каршы баяндар өтөрүн билдирди. Муфтият мындай билдирүүнү Баткен облусунун Кадамжай районунда 14 жаштагы кыз киши колдуу болгондон кийин жасады.

КМДБдан мечиттерде балдардын тарбиясы, ыйман жана адеп-ахлак, зынаанын шарияттагы орду, адам өмүрүнө кол салуунун кесепети жана өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча айтыларын белгилешти.

Ошондой эле муфтияттан киши колдуу болгон 14 жаштагы кыздын жакындарына көңүл айтышты.

14 жашар кыздын киши колдуу болушу

4-сентябрда Кадамжай райондук милициясына Ноогардан айылынын түштүк тарабынан өткөн Ош — Раззаков унаа жолундагы сел өтүүчү тоннелден белгисиз кыздын сөөгү табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Милиция «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 5-сентябрда кылмышка шектелип Кадамжай районунун 1995, 1997 жана 1998-жылкы үч тургуну кармалган. Шектүүлөр Кадамжай райондук сотунун чечими менен эки айга Оштун ТИЗО-5не киргизилген.

Кылмыш иши президент Садыр Жапаровдун жана башкы прокурор Курманкул Зулушевдин жеке көзөмөлүндө.

Башкы бетте иллюстрациялык сүрөт.

Тема боюнча окуңуз: Башкы прокуратура: 14 жашар кызды өлтүрүүгө шектелгендер өмүр бою эркинен ажырашы мүмкүн