Бишкек: Баткендеги атышуунун кесепетинен жарадар болгон алты балага операция жасалды

17-сентябрга караган түнү Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда Баткендеги ок атышуунун кесепетинен жарадар болгон алты балага операция жасалды. Бул маалыматты «Клоопко» Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка ылайык, аталган бейтапканада Баткенден келген жалпы 8 адам бар. Борбордун директору Гүлзат Маймерова «АКИпресс» басылмасына жарадар болгондордун эң кичинекейи 9 айлык наристе экенин айткан.

«9 айлык наристе жеңил трамва алган. Операция болгондордун төртөө бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Ал эми бир жарым жаштагы бала октон жаракат алган. Ага операция жасалып, учурда абалы туруктуу. Жакшы жакка жылыш бар» — деди ал.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен кеминде 24 адам каза таап, 103 киши жарадар болду.

Алар төмөнкү ооруканаларга жаткырылды:

  • Баткен облустук бириккен ооруканасы — 41 жабырлануучу;
  • Лейлек районуна — 21 жабырлануучу;
  • Сүлүктү шаарына — 6 жабырлануучу;
  • Кулунду айылына — 3 жабырлануучу;
  • Улуттук госпиталда — 20 жабырлануучу;
  • Улуттук Эне жана баланы коргоо борборуна — 6 жабырлануучу;
  • Улуттук хирургия борборунда — 1 жабырлануучу;
  • Үй-шартында дарыланууда — 5 жабырлануучу.

Чек арадагы атышуу

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Анда, кыргыз Чек ара кызматырын маалыматы боюнча, Баткен облусунун үч аймагында Кыргызстан тарапка ок атылган.

15-сентябрь күнү Чек ара кызматынан кыргыз-тажик чек арасындагы абал «салыштырмалуу туруктуу» деп мүнөздөлүп жатканын, ал эми түн тынч өткөнүн билдиришкен.

Бирок 16-сентябрда Чек ара кызматы тажик тарап чек аранын бардык аймактарындагы аскердик жана жарандык объектилерге кол салганын айткан. Тажик тарап оор аскердик техникаларды колдонгону белгиленген. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууну көздөп жатканын билдирген.

Баткен районундагы чек арага чектеш айылдардын жашоочулары үйлөрүн таштап, коопсуз аймактарга чыгып кетишкен. ӨКМдин маалыматына ылайык, 136 миңден ашык адам эвакуацияланды.

Ал арада активисттер Бишкектеги Ак үйдүн алдына митинг уюштурушту. Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарында Баткен элин колдоо максатында гуманитардык жардам чогултуучу жайлар ачылды.

Кыргызстан менен Тажикстандын атайын кызматтары куралдуу кагылышууга бири-бирин күнөөлөп жатат.

Негизги беттеги иллюстративдик сүрөт: Дмитрий Мотинов /  «Клооп»

Тема боюнча:

Кыргыз-тажик чек арасында эмне болуп жатат? Хронология