Жогорку Кеңештин вице-спикери Улан Примов өз каалоосу менен кызматын тапшырды

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Улан Примов өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу ал парламенттин 12-октябрдагы жыйынында билдирди.

Примов «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан төрага шайланганына байланыштуу, моралдык жоопкерчиликти сезип, кызматын тапшырууну туура көргөнүн айтты.

«Өткөн жума биз жаңы төраганы шайладык. Аны шайлаган соң бардыгыбыз бир фракциядан болгондон кийин, жоопкерчиликти сезип, мен төраганын орун басарлыгын тапшырып берүүнү туура көрдүм. Мен бардыгыңыздарга терең ыраазычылык билдирем. Мындан ары дагы сиздер менен ушул залда иштешем деген үмүт бар», — деди ал.

Ушул жылы 12-январда Жогорку Кеңештин жаңы түзүмү бекитилген. Алардын катарында Улан Примов 59 добуш алып төраганын орун басары болуп шайланган.

Улан Примов жана анын атасына таандык компания

Примов — 2015-жылдан бери парламенттин депутаты. Биринчи жолу ал Жогорку Кеңешке КСДП партиясы менен келген. Ал 2021-жылы өткөн шайлоого талапкерлигин №11 Алай шайлоо округунан коюп, эң көп добуш менен парламент депутаты болуп шайланган.

Factcheck.kg басылмасы үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан (КОӨФ) 2,5 млн доллар насыя алган киши — депутат Улан Примовдун атасы Бердибай Примов болушу ыктымал деп айтып чыккан.

Ошто ишкерлер алган эң чоң насыяны «Примов Б.» аттуу жеке ишкер алган деп билдирген алар. Акча курулуш материалдарын: кыш, пескоблок жана таман таш өндүрүүгө берилген.

Журналисттер Ош шаарындагы шайлоочулардын тизмесин карап чыгып, анда Примов деген фамилияга ээ, аты «Б» тамгасынан башталган бир гана жаранды — депутаттын атасы Бердибай Примовду аныкташкан. Ата-бала бир эле шайлоо тилкесинде катталган.

Депутаттын атасы Бердибай Примовго «Пэрити коал» компаниясы таандык. Бул компания 2011-жылдан бери мамлекеттик мекемелерге көмүр сатуу боюнча 570 тендерди уткан жана андан 60 млн сом иштеп тапкан.

Басылма osoo.kg сайтына шилтеме кылып, депутаттын атасына Кыргызстандын түштүк жана түндүк аймактарында иш алып барган 16 компания катталганын жазган. Ал компаниялар көмүр жана акиташ казып алуу, автоунаалар менен соода кылуу, кыш жана чатыр тоскучтарды (черепица) өндүрүү, курулуш менен алектенишет.

Тема боюнча:

Кен казуу, жүк ташуу, медиабизнес. Депутат Примовдун үй-бүлөсү 10дон ашуун компанияга ээлик кылат

Депутат Примовго караштуу Оштогу кыш заводу. Жайытсыз калган эл, бузулган жол