Баткен: Ташиев УКМК кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырды

21-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусундагы атайын кызматтын аскерлерине 16 жаңы батирдин ачкычын тапшырды.

УКМКнын маалыматына ылайык, имараттын ачылышына Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын Баткен аблусундагы башкармалыгы жана өздүк курамы катышты.

Иш-чарада Ташиев сөз сүйлөп, мамлекет алыскы аймактарда кызмат өтөгөн аскерлердин жашоо шартын мындан ары да жакшырта берерин айтты.

Бирок, жаңы имарат кайсы каражатка салынганы жана курулушка канча акча сарпталганы белгисиз. Бул боюнча материал жарыяланарда УКМКдан маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Камчыбек Ташиев 21-октябрда Баткен облусунда күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана Баткен облусунун жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдардын башчылары менен кеңешме өткөргөн.

Жыйында Ташиев жарандарды кыргыз-тажик чек арасындагы абалды курчутушу мүмкүн болгон ойлонулбаган пикирлерди айтпоого чакырган.

УКМКнын кызматкерлери үчүн үйлөр жана кызматтык имараттар

Бийлик УКМКнын кызматкерлерине өзгөчө көңүл буруп жатат. Президент 24-августта Бишкекте комитеттин кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырып жатып, улуттук коопсуздук органдары тартипти орнотууда, мамлекетте коопсуздукту жана жарандардын бейпил жашоосун камсыздоодо чоң рол ойноорун белгилеген.

«Биринчиден, өлкөнүн ички-тышкы коопсуздугу камсыз болбосо эч кимге батирдин деле кереги жок. Аны мына дүйнөдө болуп жаткан окуялардан көрүп, билип атабыз. Ошондуктан болгон күчүңөрдү, убактыңарды мамлекеттин ички-тышкы коопсуздугун камсыздоого жумшаса деп биринчи кезекте сиздерди камсыз кылып жатабыз. Ушуну эсиңиздерге алып коюшуңуздар керек», — деп айткан Жапаров.

Бийлик 2021-жылдын июль айында күч түзүмдөрүнө деп Жалал-Абадда да үй курууну пландаган. Анда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев курулушка мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнбөйт деп билдирген.

Ал эми Камчыбек Ташиев «Регион ТВ» телеканалына курган маегинде өлкөдө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 50гө жакын жаңы имараты курулганын айткан.

Ташиевдин интервьюсуна чейин коомчулук менен ЖМКга 2021-жылдын сентябрынан тарта ачыла баштаган УКМКнын 12 гана имараты тууралуу расмий белгилүү болчу. Алардын ачылыш аземине Ташиев өзү, президент Садыр Жапаров дагы катышып келет.

Ал эми август айында «Апрель» телеканалы Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун иши тууралуу иликтөө жарыялаган.

Анда журналисттер «Кумтөр» тарабынан облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө деп бөлүнгөн акчалардын бир бөлүгүн фонд Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин муктаждыгына жумшап, комитеттин кызматкерлери үчүн турак жай жана оорукана куруп, техника сатып алып, имараттарды оңдоп берип жатканын айтып беришкен.

Журналисттердин маалыматына ылайык, соңку 5 жылда Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду УКМКнын муктаждыктарына 47 млн сомдон ашык каражат жумшаган. Бул сумманын дээрлик жарымы — 21 млн 800 миң сому (255 миң доллары) — 2021-жылы сарпталган.

Дагы окуңуз:

27 жыл ичинде бюджеттик жумушчуларга батирлерди кандай бөлүштүрүшкөн?