Сот активист Илгиз Шаменовду 20-декабрга чейин камакка алды

29-октябрда Биринчи май райондук соту активист Илгиз Шаменовду эки айга камакка алды. Ал 20-декабрга чейин Бишкек шаарындагы ТИЗО-1де камакта болот.

28-октябрда Шаменов Орусияда кармалып, мурдагы депутат Орозайым Нарматова менен Бишкекке жеткирилген. Ал УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарматова экөөнү «өзгөчө коркунучтуу кылмышкердей» орус бийлигинен суратканын айткан.

Активист Нарматова экөөнө «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча иш козголгонун маалымдаган. Нарматова дагы 28-октябрда ТИЗО-1ге эки айга камакка алынды.

Ага чейин ИИМ «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярданды» деген шек менен 20дан ашык активист жана саясатчыны кармап, үйлөрүн тинтүүгө алган. Сот аларды эки айга камаган. Алардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сындап келишкен.

Илгиз Шаменов деген ким?

Илгиз Шаменов активист жана жеке ишкер катары белгилүү. Ал мурда Бишкек шаардык кеңешине «Социал-Демократтар» партиясынан депутат болгон.

Акыркы учурда ал соцтүйүндөрдө «Бишкек» эркин экономикалык аймагын жана мекеменин жетекчиси Кудрет Тайчабаровду сындаган. Ошондой эле ал Нарындагы Жетим-Тоо кенин иштетүүгө бир нече жолу каршы чыккан.

Август айынын башында Шаменов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берген. Шаменовдун айтымында, атайын кызмат анын коррупция тууралуу айткандары боюнча «Бишкек» эркин экономикалык аймагы менен Айыл чарба министрлигин текшермек болгон.

Кийинчерээк «Азия Молл» соода борборунда жардыруучу зат бар экени айтылып, граната Илгиз Шаменовдун унаасынын алдынан табылган. Бул окуядан кийин активист Орусияга чыгып кеткен.

Тема боюнча:

Шаменов: Ташиев Нарматова экөөбүздү «коркунучтуу кылмышкердей» орус бийлигинен суратыптыр

Бишкектеги «Азия Молл» курчоодо. Активист Илгиз Шаменов унаасынан граната табылганын айтууда