«Кумтөрдүн» отчёту: Жыл башынан бери бюджетке 26,7 млрд сом төгүлдү

2022-жылдын январынан сентябрь айына чейин «Кумтор Голд Компани» ЖАК өлкө бюджетине 26,7 млрд сом төктү. Анын ичинде салыктар, Социалдык фонго которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөр бар.

Компаниянын сайтына жарыяланган 9 айдагы иштин отчётунда өткөн жылдын ушул эле мезгилине компания бюджетке болгону 7,9 млрд сом төккөнү айтылат.

Ошондой эле компаниядан 2022-жылдын тогуз айдында 11,8 тонна (379 551 унций) алтын сатып, андан 679,8 млн доллар киреше алганын билдиришти. Бул аралыкта компаниянын өндүрүштүк чыгымдары 205,8 млн долларды түзгөн.

«Кумтөр» өткөн жылдын ортосунан бери де-факто бийликтин башкаруусунда болгон — 17-майда ал жакка сырткы башкаруу киргизилген. Бул ал убакта кенди иштетип турган канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы менен тирешүүгө себеп болгон. Компания эл аралык сотторго кыргыз өкмөтүнө каршы бир нече доо арыз берген.

2022-жылдын 29-июлунда өлкө бийлиги «Кумтөр» толугу менен Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, ушуну менен кыргыз тарап канадалык Centerra Gold Inc. менен «Кумтөр» долбоору боюнча эки айры жолго түшкөн.

Бирок андан кийин эле өлкөдө алтындын сатылышы жана кенде каржылык бузуулар аныкталгандыгына байланыштуу чуу чыккан.

Ал эми бийлик 2021-жылы 1 млрд долларга бааланган 19 тонна алтындын сатылганы жөнүндөгү маалыматты жашырууну чечкен. Улуттук банктын отчётунда 1,1 млрд долларга бааланган 19,2 тонна алтын «белгисиз өлкөгө» экспорттолгону айтылган. Ал эми президент Садыр Жапаров маалымат «коопсуздук максатында» жашыруун экенин билдирген.

Бирок журналисттер алтындын кайда экенин аныкташты — ал өлкө Швейцария болуп чыккан.

Кийинчерээк Башкы прокуратура «Кумтөрдүн» ишин текшерүүнүн жыйынтыгында убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомду башкаруу органдары үчүн чектөөлөрдү бузуу фактысы боюнча үч кылмыш ишин козгогон. Компания мамлекетке 1 млрд доллардай зыян келтиргени айтылган.

Андан соң бул иш боюнча «Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк кармалган. Ал Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими 10-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ал өзү 15-сентябрда сот залында Башкы прокуратура ага карата козгогон кылмыш ишин «толук абсурд» деп атаган. Ошондой эле ал кол астындагылардын баарына жооп бере албасын айткан. Президент Садыр Жапаров Бөлтүрүктүн кармалганына комментарий берип, ага таза иштөөн у тапшырып, ишенгенин, ал эми « “Кумтөр” Кыргызстанга толук өткөнгө чейин ызы-чуу кылбай туралы деп текшерүү жиберишпегенин» билдирген.

«Кумтөрдө» финансылык мыйзам бузуулар аныкталып, баасы 1 млрд доллардан ашык сумманы түзгөн 19,2 тонна алтын алтындын сатылганына байланыштуу чуунун шартында президент Садыр Жапаров текшерүү жүргүзө турган комиссия түзүүнү сунуштаган.

Жакында эле андай комиссия түзүлгөн. Тагыраак айтканда, эки комиссия. Биринчисинин башында Исхак Масалиев турат, ал эми экинчиси коомдун комиссия, бул комиссиянын түзүлгөнүн саясатчы Азимбек Бекназаров жарыялаган.

Дагы окуңуз: Садыр Жапаров: «Кумтөрдүн» алтыны Улуттук банкта сакталып турат