Садыр Жапаров: «Кумтөрдүн» алтыны Улуттук банкта сакталып турат

Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине маек курду. Анда ал «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн депутаттык комиссия анын демилгеси менен түзүлгөнүн билдирди.

«Айрым ою бузук жарандар, бир депутатыбыз шек санап, "Жапаровдор алтын уурдап жатат, 19 тонна алтын жоголуптур" деп жалаа жабууга аракеттерди кыла башташканда өзүм демилге көтөрүп, "депутаттардан турган комиссия түзгүлө" деп эл өкүлдөрүнөн сурандым. “Комиссиянын курамына жарандык коомдун өкүлдөрүн да кошуп алгыла” дедим. "Комиссиянын төрагасы кылып Мадумаровду шайлап берсеңер" дедим эле, тилекке каршы, макул болбой койгонбу, айтор Исхак Масалиев комиссиянын төрагасы болуптур», — деди ал.

Жапаров «кимиси болсо да "Кумтөргө" барып текшерип анан элге жарыя кылышсын» дейт. Ошондой эле ал «Кыргызстандын тарыхында чогулбаган көлөмдөгү алтын бүгүнкү күндө чогулуп, Улуттук банкта сакталып турат» деп билдирди. Ошондой эле Жапаров «бир дагы тууганым “Кумтөр” менен иш кылбайт» деп ишендирди.

Өлкө башчысы «Кумтөр Голд Компанинин» мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн кармалышы тууралуу да пикирин билдирди. Ал «Бөлтүрүк “таза иштеп атам” деп бизди ынандырып келген» дейт.

«Биз болсо “Кумтөр” Кыргызстанга толук өткөнгө чейин ызы-чуу кылбай туралы деп текшерүү жибербей турдук. Анан “Кумтөр” Кыргызстандын энчисине толук өтөрү менен Эсеп палатасын жибердим, 3 ай текшерип келишти. Сатып алууларда коррупциялык элементтер аныкталды. Жыйынтыгында Теңгиз мырза жана башка тиешеси бар жетекчилер камалды. Азыр тергөө жүрүп жатат», — деди ал.

Бөлтүрүктүн кармалышы

13-сентябрь күнү Башкы прокуратура Кумтөр кенин иштеткен «Кумтөр Голд Компанинин» ишин текшерүүнүн жыйынтыгында үч кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Компания мамлекетке 1 млрд доллардай зыян келтиргени айтылган.

Ошол эле күнү кечинде Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу жана «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүктү кармаган. Башкы прокуратурадан Бөлтүрүк менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гюль Фронтбек кызы Жаналиева жана каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов дагы кармалган.

Бөлтүрүк Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими 15-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ал өзү 15-сентябрда сот залында Башкы прокуратура ага карата козгогон кылмыш ишин «толук абсурд» деп атаган. Ошондой эле ал кол астындагылардын баарына жооп бере албасын айткан.

«Кумтөрдөгү» тышкы башкаруу

2021-жылдын 17-майында кыргыз бийлиги «Кумтөргө» сырткы башкаруу киргизген. Бийлик кенди канадалык Centerra Gold Inc иштетип жатканы «жергиликтүүлөрдүн ден соолугуна, өмүрүнө жана экологияга коркунуч жаратат» деген жүйөө кылган. Анда Тенгиз Бөлтүрүк убактылуу тышкы башкаруучу болуп дайындалган.

Буга жооп кылып Centerra Кыргызстандын бийлиги «кенди көзөмөлдөөнү дээрлик толугу менен тартып алды» деп Бөлтүрүктү, кийинчерээк Кыргызстандын өкмөтүн да сотко берген.

2022-жылдын 29-июлунда өлкө бийлиги «Кумтөр» толугу менен Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, ушуну менен кыргыз тарап канадалык Centerra Gold Inc. менен «Кумтөр» долбоору боюнча эки айры жолго түшкөн.

24-августта минкаб Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучулугунан четтетилгенин кабарлаган. Бул Эсептөө палатасы кендин ишинде каржылык бузууларды аныктагандан кийин болгон.

Ага карабастан, Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калууда. Ал бул кызматка 14-февралда келген.

25-августта минкаб кендеги тышкы башкарууну жойгон. «Кумтөр Голд Компаниге» жаңы президент — Алмаз Барыктабасов, ал эми башкармалыгынын төрагасы кызматына Болотбек Идирисов дайындалган. Барктабасов бул кызматка дайындалганга чейин «Кумтөрдүн» техникалык тейлөө бөлүмүнүн жетекчиси болгону, ал эми Идирисов компаниянын башкы менежери болгону белгилүү.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Азаттык»: Кыргызстан 19 тонна алтынды «белгисиз өлкөгө» экспорттогон

Акылбек Жапаров сатылып кеткен 19 тонна алтын тууралуу суроого жооп берди

«Мени эки жылдан бери коркутуп келишет». Тенгиз Бөлтүрүк УКМКнын ТИЗОсунан кат жазды