Бишкек: Милиция мажбурлап никеге тургузуу үчүн кыз уурдоого шектелген эки адамды кармады

Милиция кызматкерлери мажбурлап никеге тургузуу үчүн кыз уурдоого шектелген эки кишини кармады. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы 4-ноябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-октябрда шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылып, саат 21:00 чамасында 6-кичи райондо белгисиз бирөөлөр күч колдонуп, никеге тургузуу үчүн уурдап кетишкенин жазган.

Кармалган шектүүлөр. Сүрөт: Октябрь РИИБи

Бул боюнча «Никеге туруу максатында ала качуу» беренеси менен иш козголгон. Териштирүү ишинин жүрүшүндө шектүүлөр — 27 жаштагы эки киши кармалган. Октябрь райондук сотунун чечими менен эки айга Бишкектеги ТИЗО-1ге камакка алынды.

Үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында Бишкекте мажбурлап никеге тургузуу максатында 20 жаштагы кызды уурдаган 26 жаштагы шектүү кармалган болчу.

Кыздарды жана аялдарды уурдоо

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2021-жылы аялды уурдап, мажбурлап никеге тургузуу боюнча 560 факты катталган.

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бул кылмыш иштери Жазык кодексинин төрт беренеси менен катталган — «Никеге туруу максатында ала качуу», «Иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо», «Адамды никеге турууга мажбурлоо», «Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу».

Көпчүлүк учурда мындай окуялар сотко жете бербейт, ал эми мыйзам бузгандар тиешелүү жазасын албай келет. Агрессордун жазасыз калышы уурдалган кыздын өлүмү менен аяктаган учурлар бар.

2021-жылы маркум Айзада Канатбекованын тагдыры аянычтуу аяктаган. Айзаданы Замирбек Теңизбаев аттуу жаран уурдап качып, зордуктап, кызды өлтүрүп, кийин өзүнүн да жанын кыйган. Окуя коомчулукта резонанс жараткандыктан, Теңизбаевге кызды уурдоого жардам бергендер реалдуу жазасын алып, эркинен ажыратылышкан. Бирок кыздын өлүмүнүн алдын албаган милиция кызматкерлери тиешелүү жазасын алышкан жок.

Буга чейин ушундай эле окуя болгон, 2018-жылы 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызы милиция бөлүмүнөн каза тапкан. Шектүү кызды зордоп никеге тургузуу максатында уурдаган, бирок алар кармалып милиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийин кызга бычак сайып өлтүргөн жана өзүн өлтүрүүгө аракет кылган.

Тема боюнча:

Айзаданы уурдоо. Милиция окуянын чоо-жайын айтып берди

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты

«АПА» ДЕП КЫЙКЫРДЫ!