Кумтөр иши. Теңгиз Бөлтүрүк 10-январга чейин камакта калды

«Кумтор Голд Компани» (КГК) компаниясынын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк 2023-жылдын 10-январына чейин камакта калтырылды. Маалыматты «Клоопко» Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарды.

Бөлтүрүктүк жактоочусу Кайсын Абакиров чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна даттанганын билдирди.

«Сот отуруму белгилене элек. Кардарымдын ден соолугу солгундап кетти — гипертониясы бар, жүрөгү ооруйт, артериалдык кан басымында көйгөй бар. Теңгиз Бөлтүрүктүн жашы жете элек үч баласы бар. Аны камакта кармоонун зарылдыгы жок деп ойлойм», — деди адвокат.

Тенгиз Бөлтүрүктү Башкы прокуратура 13-сентябрь күнү кармаган. Аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева жана каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов дагы кармалган. Башкы прокуратура Кумтөр кенин иштеткен «Кумтөр Голд Компанинин» ишин текшерүүнүн жыйынтыгында үч кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Компания мамлекетке 1 млрд доллардай зыян келтиргени айтылган.

15-сентябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Тенгиз Бөлтүрүктү эки айга УКМКнын ТИЗОсуна киргизиген. Бөлтүрүк өзү сотто ага карата кылмыш ишин «абсурд» деп атап, кол астындагылардын баарына жооп бере албасын айткан.

Бөлтүрүктүн аялы Илмира Алпысбаева президент Садыр Жапаровдон Теңгиз Бөлтүрүктү үй камагына чыгарууну суранган. Ал жолдошунун ден соолугу оорлоп кеткенин айткан.

«Кумтөрдөгү» тышкы башкаруу

2021-жылдын 17-майында кыргыз бийлиги «Кумтөргө» сырткы башкаруу киргизген. Бийлик кенди канадалык Centerra Gold Inc иштетип жатканы «жергиликтүүлөрдүн ден соолугуна, өмүрүнө жана экологияга коркунуч жаратат» деген жүйөө кылган. Анда Тенгиз Бөлтүрүк убактылуу тышкы.

Буга жооп кылып Centerra Кыргызстандын бийлиги «кенди көзөмөлдөөнү дээрлик толугу менен тартып алды» деп Бөлтүрүктү, кийинчерээк Кыргызстандын өкмөтүн да сотко берген.

2022-жылдын 29-июлунда өлкө бийлиги «Кумтөр» толугу менен Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, ушуну менен кыргыз тарап канадалык Centerra Gold Inc. менен «Кумтөр» долбоору боюнча эки айры жолго түшкөн.

24-августта минкаб Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучулугунан четтетилгенин кабарлаган. Бул Эсептөө палатасы кендин ишинде каржылык бузууларды аныктагандан кийин болгон.

Ага карабастан, Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калууда. Ал бул кызматка 14-февралда келген.25-августта минкаб кендеги тышкы башкарууну жойгон. «Кумтөр Голд Компаниге» жаңы президент — Алмаз Барыктабасов, ал эми башкармалыгынын төрагасы кызматына Болотбек Идирисов дайындалган. Барктабасов бул кызматка дайындалганга чейин «Кумтөрдүн» техникалык тейлөө бөлүмүнүн жетекчиси болгону, ал эми Идирисов компаниянын башкы менежери болгону белгилүү.