Рита Карасартованын кызы белгисиз бирөөлөр үйүн аңдып жатканын кабарлады

Кемпир-Абад иши боюнча камалган активист Рита Карасартованын кызы Касиет Мамырбай 21-декабрда белгисиз бирөөлөр унаа менен үйүн күзөтүп жатканын кабарлады.

«Таң эртеден бери үйдүн жанында бир кызыктай унаа күзөттө турду. Аларды көздөй басканымда, кетип калышты. Унаада кара кийинген эки адам бар эле. А мен таанышсамбы дегем», — деди ал.

Мамырбай жаңы адамдар менен таанышууга даяр экенин белгилеп, «суроолорду туз эле берсеңер болот» деп кошумчалады.

Буга чейин, 20-декабрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары өкмөт үйүнүн жанына чогулуп, президенттен жеке жолугушуу уюштурууну талап кылышкан. Жыйынга Касиет Мамырбай дагы активдүү катышкан.

Ал күнү чогулуштун айрым катышуучулары президенттик администрациянын өкүлү менен кезиккен, ал эми президент аларды кабыл алган эмес.

Рита Карасартова — Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындаганы үчүн октябрдын аягында кармалган 30га чукул активист жана саясатчылардын бири. Алар «Массалык башаламандыктарды уюштурууга» аракет кылган деп айыпталышууда.

Карасартова 23-ноябрда абактан кат жазып, бир айдан бери тергөө иштери жүргүзүлбөй жатканын айткан. Андан соң укук коргоочунун ден соолугу кескин начарлап, тергөө абагындагы ооруканада дарыланып жатканы кабарланган.

Ал эми 14-декабрда шаардык сот Рита Карасартова, Клара Сооронкулова жана Перизат Суранованы 20-февралга чейин абакта калтырган. Алар соттун чечимине нааразы болуп, саясий ачкачылык жарыялашкан. Кийинчерээк Кемпир-Абад иши боюнча кармалган 19 киши ачкачылык жарыялаганы кабарланган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Рита Карасартова: Кемпир-Абадды коргоп түрмөгө түшүү — мен үчүн тарыхый окуя

Абактагы активист Рита Карасартованын ден соолугу кескин начарлап кетти