Өз алдынча баса албай калды — Абактагы Гүлнара Журабаеванын абалы кескин начарлап кетти

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган БШКнын экс-мүчөсү Гүлнара Журабаева алсырап, дене табы көтөрүлүп, өз алдынча баса албай калды. Бул тууралуу анын жактоочусу Бакыт Автандил уулу 23-декабрда билдирди.

Анын айтымында, Журабаева экспертиза дайындоо боюнча чечимдер менен таанышуу үчүн ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына барышы керек болчу. Бирок ал камерадан өз алдынча чыга алган эмес.

«ТИЗОнун медициналык бөлүмү Журабаеванын ден соолугу такыр начарлап кеткенге чейин көңүл бурган эмес. Тергөө амалдарын дагы бир күнгө жылдырууга туура келди», — деди жактоочу.

Абактагы айымдар

Октябрдын аягында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындаганы үчүн 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Алардын алтоо — аял. Кармалгандарга «Массалык башаламандыктарды уюштурууга» аракет кылган деген айып тагылууда.

12 жана 14-декабрда шаардык сот кармалгандарды 20-февралга чейин абакта калтырган. Кийинчерээк Кемпир-Абад иши боюнча кармалган 19 киши соттун чечимине нааразы болуп, ачкачылык жарыялаганы кабарланган.

Клара Сооронкулова, Перизат Суранова, Рита Карасартова жана Орозайым Нарматова ачкачылыкты азыркыга чейин улантышууда. Укук коргоочулар абактагы айымдардын ден соолугу «кескин начарлап кеткенин» айтышууда.

Экс-депутат Орозайым Нарматова 20-декабрда ден соолугу кескин начарлап, жеке диагностикалык клиникага жеткирилген. Бирок толук текшерүүдөн өтүүгө жетишпей калган.

Ал эми Перизат Суранованын ден соолугу канааттандырарлык эмес, ал өзүн абактан ооруканага которууну суранган. Бирок сураныч аткарыла элек.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

Тема боюнча:

Адвокат: Орозайым Нарматова толук медициналык текшерүүдөн өтүүгө жетишпей калды

Бермет Барыктабасова: Перизат Суранованын абалы начар, ооруканага которууну суранып жатат