Мамкурулуш Ысык-Көлдөгү пансионаттар менен эс алуу жайларын текшере баштады

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ысык-Көл облусундагы пансионат жана эс алуу жайларындагы курулуш нормаларынын жана эрежелердин сакталышын текшере баштады. Бул тууралуу мамкурулуштун басма сөз кызматы 25-январда билдирди.

Маалыматка ылайык, саркынды сууларды тазалоочу жайлардын ишине байкоо жүргүзүү процесси дагы ишке киргизилди.

Текшерүүнү архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору жетектеген ведомстволор аралык комиссия жүргүзөрү кабарланды.

«Бир айдын ичинде комиссия шаар куруу жана архитектура, экологияны сактоо жаатындагы мыйзамдарынын сакталышы боюнча инвентаризация жүргүзөт. Текшерүүнүн жыйынтыгы коомчулукка жарыяланат», — дешти мекемеден.

Эс алуу жайларындагы эреже бузуулар

Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттар менен эс алуу жайларында курулуш нормалары бузулган учурлар буга чейин бир нече жолу катталган. Андай эреже бузуулар адам өлүмүнө себеп болгон учурлар да жок эмес.

2021-жылдын 27-июлунда 18 жаштагы Станислав Ситников «Алтын кумдагы» аквапаркта каза тапкан. Аны суу соруучу насостун диаметри 50 см болгон түтүкчө соруп кеткен. Куткаруучулар анын сөөгүн алып чыгуу үчүн экскаватор менен кумду казып, түтүкчөнү кескен.

18 жаштагы баланын өлүмү коомчулукта резонанс жаратып, милиция «Этиятсыздыктан киши өлтүрүү» жана «Колдонуучуларга коркунуч жаратуу» беренелери менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Мамэкотехинспекциянын Ысык-Көл району боюнча башкармалыгы аквапарктын ээси Айдар Текебаев аны «өз билемдик» менен орнотуп алганын билдирген. Тергөөнүн жүрүшүндө Текебаев аттракционго суу соргуч насостор орнотулган жерге белги берүүчү жана коргоочу тосмолорду орнотпогону аныкталган.

Ошондой эле тергөөнүн жыйынтыктаган документте, ишкердин аттракциону коопсуздук чаралары көрсөтүлгөн технологиялык документациясы жок иштегени да айтылган.

Ал эми өткөн жылы прокуратура канализациядагы саркынды сууларды Ысык-Көлгө агызган пансионаттардын бирине кылмыш ишин козгогон.

Ошол эле жылы президент Садыр Жапаров «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Анда 2023-жылдын 1-январынан тартып Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттар, эс алуу үйлөрү, конок үйлөрү жана санаторийлер инженердик коммуникация жана курулмалар менен камсыздалбаган болсо иштөөгө тыюу салынары кабарланган.

Автору: Айгерим Бекбосун кызы

Тема боюнча:

«Алтын кум» пансионатында каза болгон Станислав Ситниковдун иши кыскартылды

Ысык-Көлдө тазалоочу курулмалары жок пансионаттарга 2023-жылдан тартып иштөөгө тыюу салынды