Абактан кат: Кемпир-Абад боюнча кармалгандар кошумча лингвистикалык экспертиза дайындоого каршы

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган активист, саясатчылардын сүйлөшүүсү боюнча кошумча лингвистикалык экспертиза дайындалат. Бул тууралуу кармалгандар 8-январда абактан жолдогон катта айтылат.

Кат жазгандар буга чейинки лигнвистикалык экспертиза «бийликти күч менен басып алуу, массалык баш аламандык уюштурууга чакырыктар жок» деген корутунду чыгарганын баса белгилеп, ал жыйынтык «бийликке жана тергөөчүгө жакпай калса керек» деген пикирде.

«Кошумча экспертизалар тергөөнүн оюндагыдай чыгып, бизди күнөөлүү деп корутунду берилет. Биз жаңы дайындалган кошумча экспертизанын жыйынтыгы менен макул эмеспиз жана тааныбайбыз. Тергөө бизди экспертиза дайындоо жөнүндө токтомдор менен тааныштырган эмес жана эксперттерге суроо берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан», — дешти абактагылар.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү «эксперттердин баары бийликке көз каранды, мамлекетке кызмат кылгандар» деп эсептейт.

«Эксперттердин репутациясы жана профессионалдуулугу күмөн жаратат. Алар буга чейин сөз эркиндигин, журналисттерди жана активисттерди куугунтуктоого чоң салым кошуп келишкен», — дешти алар.

Ошондой эле активисттер тергөөчү менен эксперттер Кемпир-Абадды коргоо комитетинин ар бир мүчөсүнүн айткан сөзүнө өз-өзүнчө баа берүүгө миндеттүү болчу деп эсептешет.

«Комиссиялык жана политологиялык эксперттер далилдерди жасалмалаган жана фактыларды бурмалаган», — дешет алар.

Ал эми Ички иштер министрлиги Кемпир-Абад иши боюнча кошумча лингвистикалык экспертиза дайындалганы тууралуу маалымат берген жок.

Буга чейинки лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы 5-январда чыкканы кабарланган. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова укук коргоо органдары экспертизанын корутундусун жактоочуларды тергөө абагына чакырып берип жатканын айтып, мындай аракетти «мыйзамсыз» деп баалаган.

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрь айында бийлик Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30дан ашык активист, саясатчы жана укук коргоочуларды кармаган.

Алардын бир бөлүгү 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү болушкан.

ИИМ алардын баарына «Массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен айып тагып, сот аларды ТИЗО-1ге киргизген. Алардын бири Орозайым Нарматова 30-январда ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Кармалгандар күнөөсү жоктугун, кылмыш иштер «токулганын» айтышууда. Ошондой эле Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет. Камакка алууга нааразылык билдирип 19 адам эки жумага чукул ачкачылык жарыялаган.

18-январда ИИМ Кемпир-Абад ишине толугу менен «жашыруун» гриф койгон. Бул бардык сот отурумдары жабык режимде, айыпталуучулардын жакындары, журналисттер жана көз карандысыз байкоочулар катыша албайт дегенди билдирет.

Тема боюнча:

Кемпир-Абад ишин эмнеге жашырышты? Эч ким билбейт, анткени ал дагы жашыруун!