«Пландуу дарылануу». ЖАК Кемпир-Абад ишинин фигуранты Абылов үй камагына чыкканын төгүндөдү

9-февралда «Апрель» телеканалы Кемпир-Абад иши боюнча кармалган саясатчы Мамбетжунус Абылов шашылыш түрдө Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнө жаткырылганын жазды.

Телеканал алгач Абылов ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыкканын белгилеген. Бирок кийин басылма билдирүүсүн оңдогон.

Жаза аткаруу кызматы «Клоопко» Абыловдун ооруканага жаткырылганын тастыктады. Мекеменен басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова «саясатчы шашылыш түрдө эмес, мурда эле ооруканага которулганын» билдирди.

Анын айтымында, Абылов пландуу дарылануудан өтүп жатат, учурда анын абалы жакшы.

Ошондой эле Сабатарова саясатчы үй камагына чыкты деген маалыматты төгүндөдү.

Мамбетжунус Абылов Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчиси. Ал Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болгон. Саясатчы комитеттин жыйынында «бийликти басып алуу же төңкөрүш тууралуу бир да сөз айтылбаганын» билдирген.

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрь айында бийлик Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30дан ашык активист, саясатчы жана укук коргоочуларды кармаган.

Алардын бир бөлүгү 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү болушкан.

ИИМ алардын баарына «Массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен айып тагып, сот аларды ТИЗО-1ге киргизген. Алардын бири Орозайым Нарматова 30-январда ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Кармалгандар күнөөсү жоктугун, кылмыш иштер «токулганын» айтышууда. Ошондой эле Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет. Камакка алууга нааразылык билдирип 19 адам эки жумага чукул ачкачылык жарыялаган.

18-январда ИИМ Кемпир-Абад ишине толугу менен «жашыруун» гриф койгон. Бул бардык сот отурумдары жабык режимде, айыпталуучулардын жакындары, журналисттер жана көз карандысыз байкоочулар катыша албайт дегенди билдирет.

Тема боюнча:

Кемпир-Абад ишин эмнеге жашырышты? Эч ким билбейт, анткени ал дагы жашыруун!