Түркиядагы зилзала: Кыргызстандык куткаруучулар үч адамды урандылардын астынан алып чыкты

Түркиянын Хатай шаарындагы жер титирөөдөн кийинки он үчүнчү күнгө карата кыргызстандык куткаруучулар урандылардын астынан үч адамды алып чыгышты. Бул тууралуу 18-февралда түрк басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар 269 сааттан кийин эки чоң кишини жана 12 жаштагы баланы куткарышкан. Бирок дарыгерлердин аракетине карабай өспүрүм каза болуп калган.

Ал эми жабырлануучуларды тик учак менен Түркиянын Адана шаарындагы ооркунага алып кетишкен. Куткаруу операциясында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары да болгон.

Түркия жана Сириядагы зилзала

Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сирияда күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө 6-февралда жергиликтүү саат боюнча эртең мененки 04:17 чамасында башталган.

Акыркы маалыматтарга ылайык, курмандыктардын саны жалпы 45 миң кишиге жетип, жабыркагандардын саны 100 миңден ашкан. Көптөгөн имараттар толугу менен талкаланган.

Кыргыз бийлиги Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачкан. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, аталган эсепке 17-февраль күнү эртең мененки саат 10:00го карата 44,7 млн сом жана дагы 14 400 рубль келип түшкөн.

Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги расмий билдирүү таратып, жер титирөөдөн жабыркаган аймактардын жашоочуларына көмөк көрсөтүүнү каалагандарга буюмдардын тизмесин түзгөн.

Аны менен катар Кыргызстан Түркияга жардамга ӨКМдин 67 куткаруучусун жөнөткөн. 9-февралда ӨКМ кыргыз куткаруучулары урандылардын астынан 19 кишинин сөөгүн алып чыгышканын билдирген.

Ошондой эле 12-февралда Кыргызстандан атайын борт менен Түркиядагы зилзалада жабыркагандарга жардам берүү үчүн 50 куткаруучу жана алты дарыгер жөнөп кеткен.

Ал эми дагы 50 куткаруучу, 75 боз үй, ошондой эле медициналык каражаттар, кийим-кечеден турган гуманитардык жардам 14-февралда жиберилери кабарланган.

Буга чейин кырсыктан Түркиянын Адана шаарында жашаган бир кыргыз жараны жабыркаганы жана бир жаран урандылардын алдында калып каза тапканы белгилүү болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Түркиядагы зилзалада каза болгон кыргызстандыктын сөөгү алып келинди

Түркияга жардам үчүн атайын эсепке 44,7 млн сом түштү, анын үчтөн биринен көбүн муфтият чогултту