Баткен районунда административдик имараттарды курууга 15 гектар жер бөлүндү

Жер бөлүштүрүү учуру. Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Баткен районунда алты административдик имараттын курулушуна жалпысынан 15 гектар жер бөлүнүп берилди. Бул тууралуу 3-мартта «Клоопко» райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Бужум айылына төмөнкү административдик имараттардын курулушу каралган:

  • Баткен райондук мамлекеттик администрациясы;
  • Кадастр мамлекеттик мекемесинин райондук филиалы;
  • Калкты тейлөө борбору;
  • «Кыргызтелеком»;
  • Баткен райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Баткен райондук суу чарба башкармалыгы.

Бүгүнкү күндө бөлүнгөн жер тилкелерин трансформациялоо иштери жыйынтыкталып, адистер жер бөлүштүрүүдө. Аталган объектилердин курулушу быйыл бүтүрүлүп, ишке киргизилери айтылды.

Райондук администрациядан курулушка жалпысынан канча акча каражат бөлүнөрү белгисиз экенин маалымдашты.

«Азыр жер тилкелерин бөлүштүрүү иштери гана жүрүп жатат. Аталган ишканалардын мурдагы имараттары [1999-жылы Баткен] облус болуп түзүлгөндө облустук мекеме-ишканаларга өтүп кетип, бир имаратта чогуу же ижарада болушкан. Эми өздөрүнө тиешелүү имараттарды куруп чыгышат», — деп айтылат билдирүүдө.

Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарында масштабдуу куралдуу кагылышуулар болуп келген. Анын кесепетинен жүздөгөн турак үйлөр жана ондогон административдик имараттар жабыркаган.

Бийлик кыйраган имараттарды тез арада калыбына келтирүүнү убадалаганы менен, жергиликтүү тургундар курулуштун жай темпте жүрүп жатканын жана анын сапатсыз экенин айтып нааразы болушкан.

Буга чейин курулуштун кечеңдегенине байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары дагы тиешелүү компанияны жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткендеги куралдуу жаңжал: Орунбеков жаңы курулган 332 үй колдонууга берилгенин айтты

Бюджеттик акчага имараттарды оңдоого жана кызматтык унаа сатып алууга тыюу салынды