Таласта облустук прокуратуранын жаңы имараты ачылды

Таласта жаңы курулган облустук прокуратуранын имаратынын ачылыш иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу 31-мартта Башкы прокуратурадан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, имарат эки кабаттан туруп, анда кызматкерлер үчүн зарыл болгон бардык шарттар түзүлүп, заманбап жабдуулар менен камсыздалган.

Иш-чарага башкы прокурор Курманкул Зулушев, Талас облусттук прокуратура органдарынын кызматкерлери, ардагерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери жана аймактын жашоочулары катышты.

Зулушев прокуратура кызматкерлерине өлкөдөгү мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча конституциялык милдеттерин кынтыксыз аткаруу талабын койду. Ошондой эле мындан ары да кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртууга, социалдык жактан коргоого көңүл буруларын билдирди.

2021-жылдан тарта өлкөдө укук коргоо органдарынын, айрыкча, УКМКнын — административдик имараттары байма-бай жаңыланып, анын ачылыш иш-чаралары салтанаттуу түрдө өткөрүлүп келет. Буга чейин Камчыбек Ташиев «Регион ТВ» телеканалына курган маегинде өлкөдө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 50гө жакын жаңы имараты курулганын айткан.

Өткөн жылы «Апрель» телеканалынын журналисттери иликтөө жарыялап, анда «Кумтөр» тарабынан облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө деп бөлүнгөн акчалардын бир бөлүгүн фонд УКМКнын муктаждыгына жумшап, комитеттин кызматкерлери үчүн турак-жай жана оорукана куруп, техника сатып алып, имараттарды оңдоп берип жатканын ачыкка чыгарышкан.

Журналисттердин маалыматына ылайык, соңку 5 жылда Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду УКМКнын муктаждыктарына 47 млн сомдон ашык каражат жумшаган. Бул сумманын дээрлик жарымы — 21 млн 800 миң сому (255 миң доллары) — 2021-жылы сарпталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бир кадр менен: Жалал-Абад облустук прокуратурасынын жаңы имараты

Жалал-Абад: Тогуз-Тородо УКМКнын кезектеги жаңы имараты ачылды

Таласта УКМКнын кезектеги имаратынын ачылышы болуп өттү

Кара-Кулжада УКМКнын кезектеги жаңы имараты ачылды