Таласта УКМКнын кезектеги имаратынын ачылышы болуп өттү

15-декабрда Талас облусунун Талас районунда УКМКнын райондук бөлүмүнүн имаратынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана комитеттин ардагерлери катышты.

Билдирүүдө жаңы курулган имарат кызматкерлер үчүн толугу менен зарыл болгон заманбап техника менен жабдылганы айтылат.

Ачылуу иш-чарасында Камчыбек Ташиев кызматкерлерди жаңы имараттын ачылышы менен куттуктап, өлкөнүн бардык аймактарында УКМКнын кызматкерлери үчүн шарттар түзүлүп жатканын белгиледи.

УКМКнын жаңы имараттары

Буга чейин Камчыбек Ташиев «Регион ТВ» телеканалына курган маегинде өлкөдө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 50гө жакын жаңы имараты курулганын айткан.

Ташиевдин интервьюсуна чейин коомчулук менен ЖМКга 2021-жылдын сентябрынан тарта ачыла баштаган УКМКнын 14 гана имараты тууралуу расмий белгилүү болчу. Алардын ачылыш аземине Ташиев өзү, айрым учурда президент Садыр Жапаров дагы катышып келген.

Ал эми август айында «Апрель» телеканалы Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун иши тууралуу иликтөө жарыялаган.

Анда журналисттер «Кумтөр» тарабынан облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө деп бөлүнгөн акчалардын бир бөлүгүн фонд УКМКнын муктаждыгына жумшап, комитеттин кызматкерлери үчүн турак жай жана оорукана куруп, техника сатып алып, имараттарды оңдоп берип жатканын айтып беришкен.

Журналисттердин маалыматына ылайык, соңку 5 жылда Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду УКМКнын муктаждыктарына 47 млн сомдон ашык каражат жумшаган. Бул сумманын дээрлик жарымы — 21 млн 800 миң сому (255 миң доллары) — 2021-жылы сарпталган.

УКМКнын жаңы имараттары ачылган жерлер:

ТЕМА БОЮНЧА:

Кара-Кулжада УКМКнын кезектеги жаңы имараты ачылды

Талас: Кара-Буура районунда УКМКнын жаңы имараты ачылды