Жалал-Абад: Тогуз-Тородо УКМКнын кезектеги жаңы имараты ачылды

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу 17-январда комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, имараттын ачылуу аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана комитеттин ардагерлери катышты.

Билдирүүдө жаңы имарат заманбап жабдуулар менен камсыздалып, жумуш үчүн зарыл болгон бардык шарттары каралганы айтылат.

Ачылуу иш-чарасында Камчыбек Ташиев кызматкерлерге милдеттерин так аткарууга тийиш экендигин эскертип, мындан ары дагы мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон шарттарды жакшыртуу, заман талабына шайкеш келтирүү жумуштары уланаарын кошумчалады.

УКМКнын жаңы имараттары

Буга чейин Камчыбек Ташиев «Регион ТВ» телеканалына курган маегинде өлкөдө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 50гө жакын жаңы имараты курулганын айткан.

Ташиевдин интервьюсуна чейин коомчулук менен ЖМКга 2021-жылдын сентябрынан тарта ачыла баштаган УКМКнын ондон ашык гана имараты тууралуу расмий белгилүү болчу. Алардын ачылыш аземине Ташиев өзү, айрым учурда президент Садыр Жапаров дагы катышып келген.

Ал эми август айында «Апрель» телеканалы Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун иши тууралуу иликтөө жарыялаган.

Анда журналисттер «Кумтөр» тарабынан облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө деп бөлүнгөн акчалардын бир бөлүгүн фонд УКМКнын муктаждыгына жумшап, комитеттин кызматкерлери үчүн турак жай жана оорукана куруп, техника сатып алып, имараттарды оңдоп берип жатканын айтып беришкен.

Журналисттердин маалыматына ылайык, соңку 5 жылда Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду УКМКнын муктаждыктарына 47 млн сомдон ашык каражат жумшаган. Бул сумманын дээрлик жарымы — 21 млн 800 миң сому (255 миң доллары) — 2021-жылы сарпталган.

УКМКнын жаңы имараттары ачылган жерлер:

ТЕМА БОЮНЧА:

Таласта УКМКнын кезектеги имаратынын ачылышы болуп өттү

Кара-Кулжада УКМКнын кезектеги жаңы имараты ачылды