Камчыбек Ташиев кичи мекени Барпыда 5 миң кишиге ооз ачырды

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кичи мекени Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Барпы айылында 5 000 кишиге ооз ачырды. Бул тууралуу 20-апрелде Ташиевге караштуу «Регион» телеканалы жеринен чагылдырылган сюжетин жарыялады.

Анда айылдын Чойбеков атындагы спорт аянтчасында бир нече катар-катар узун дасторкондор жайылып, миңдеген киши ооз ачарга келгенин көрүүгө болот.

Сый тамакка Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана дин кызматкерлери да катышканы айтылат.

Маалыматка ылайык, иш чарада көзү өткөн адамдарга куран окутулду. Андан соң келгендерге атайын кызматтын башчысы чыгып сөз сүйлөп, өлкө башчысы Садыр Жапаровдун да саламын жеткирди.

Буга чейин, 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абад шаарында 600гө жакын аялга майрамдык иш чара өткөргөн.

Февраль айында Ташиев Сузактагы мектептердин бирине 10 компьютер белекке берген. Ташиевдин жаңы компьютер алып бергени тууралуу маалыматты төгүндөгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усенов «өз каалоосу менен» кызматтан кеткен.

Өткөн жылдын ноябрында Ташиевдин жана үй-бүлөсүнүн эсебинен Жалал-Абаддагы төрт көчөгө асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилгени кабарланган.

Ал эми 2022-жылдын августунда Барпыда УКМК төрагасынын агасы Жаныбек Ташиевдин элесине арналган «Жони» эс алуу багы ачылган.

Ташиевге таандык «Регион» телеканалынын маалыматына ылайык, жалпы аянты 1,5 гектарды ээлеген парктын долбоору 2019-жылы эле даярдалып, курулуп баштаган.

Ташиевдер акчаны каяктан алат?

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети басылмаларга Камчыбек Ташиевдин кирешеси тууралуу «коомчулукка жарыялоого ылайык эмес» деген жүйөө менен маалымат берүүдөн баш тарткан.

Быйыл январда Temirov Live ютуб-каналы мамлекеттик ишкана аркылуу мазут сатып, 30 млн сомдон ашык пайда тапкан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары тууралуу иликтөө жарыялаган.

Иликтөөдө журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиев бийликке келгенге чейин эле күйүүчү май бизнеси менен байланышы бар экенин, Жалал-Абаддагы мунай заводу анын бир туугандарына катталганын, Казыбек Ташиев негиздөөчүсү, ал эми Шайырбек Ташиев директор болуп саналарын айткан.

Ал эми Ташиев Темировдун иликтөөсүндөгү коррупциялык фактылар «ойдон токулганын», үй-бүлөсүндө бир да адам «эч качан коррупциялык схемаларга аралашпаганын» билдирген.

Ошондой эле ал «бийликке келгенден кийин» үй-бүлө мүчөлөрү тендерлерге катышпай калганын, ал эми уулу болсо тендерлерге жергиликтүү бийлик сурангандыктан «жаман ою жок эле» катышканын кошумчалаган.