ЖМК «Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу Бөлтүрүктүн уулу кармалганын жазды

«Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн уулу кармалганы кабарланды. Бул тууралуу 12-июнда жергиликтүү бир нече басылма күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

Ага дейре Чүй облустук милициясынан 10-июнда «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротууга» шектелип 35 жаштагы Тенгиз уулу Алмаз кармалганын билдирген.

Кармалган шектүү. Сүрөт: Чүй ОИИБи

Маалыматка ылайык, шектүүнүн үстүнөн фирманын жетекчиси арызданган. Ал жерде көзөмөлдөөчү болуп иштеген Тенгиз уулу фирмадан 273 325 миң сомдук товар алып, кийин акчасын кайтарып бербей, жашырынып кеткенин айткан.

Ал эми Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери шектүүнү кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген.

«Акчабар» басылмасы укук коргоо органдарындагы булактарына таянып, Тенгиз уулу Алмаз «Кумтөр» ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн биринчи аялынан көргөн уулу экенин жазды.

Ал эми Чүй облустук милициясынан «Клоопко» бул боюнча тергөө иши жүрүп жатканын айтып, бирок шектүүнүн Тенгиз Бөлтүрүккө тиешеси бар-жогун айта албасын белгилешти.

Бөлтүрүк деген ким?

Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компанини» 2021-жылдын 17-майынан тарта жетектеген — дал ушул күнү бийлик кенге сырткы башкаруу киргизген.

2022-жылдын 24-августунда Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу кызматынан четтетилген. Ага дейре Эсептөө палатасы кендин ишинде каржылык бузууларды аныктаган.

Бир айдан соң Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компанинин» ишин текшерүүнүн жыйынтыгында үч кылмыш ишин козгогон. Компания мамлекетке 1 млрд доллардай зыян келтиргени айтылган.

Ошол эле күнү кечинде прокуратура Тенгиз Бөлтүрүк менен жетекчиликтин эки өкүлүн кармаган. Бөлтүрүк өзүнө каршы козголгон кылмыш ишин «абсурд» деп атап, кол алдындагылардын баары үчүн жооп бере албасын билдирген.

Үстүбүздөгү жылы 27-февралда Тенгиз Бөлтүрүк ишканадагы коррупцияны жоё албаганы үчүн президент Садыр Жапаровдон кечирим сурап, ырайым кылууну өтүнүп кат жазган. 30-апрелде Бөлтүрүк үй камагына чыккан.