Өлкөдө кумар ойнотулган 45тен ашык бинардык опцион жабылып, кылмыш иши козголду

Бишкек шаарында жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында кумар оюндары ойнотулган 45тен ашык бинардык опцион жабылып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 14-июлда Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, аталган оюн-зоок жайларында интернет аркылуу виртуалдык каржылык оюндар жана башка ар түрдүү кумар оюндары уюштурулган. Бинардык опцияларды соодага жамынып, узак убакыт бою мыйзамсыз иш-аракеттер жүргүзүлүп келген.

Бул факт боюнча «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Анын алкагында мекемелерде тинтүү иштери жүргүзүлүп, кызматкерлер жана кардарлар суракка алынган. Ошондой эле компьютердик техникалар өткөрүлүп алынган.

Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

10-июлда соцтармакта Ош шаарынын тургундары «Ринго Трейд» финансылык брокеринде «кумар оюндарын ойноп», акчасын уттуруп жатканы тууралуу видео тараган

Видеодогу үн «кумарканада» кыргызстандыктар гана отурганын айтса, ал жерде жүзүн жашырып отургандардын бири 10 миң доллар, экинчиси 130 миң сом уттурганын билдирген.

Мурдараак Кара-Суу районунун тургундары «Ринго Трейд» финансылык брокерин кумар ойнотууга айыптап, жабууну талап кылышкан. Тургундардын бири милицияга арыз менен кайрылып, аталган имаратка кирген ар бир тургун ири өлчөмдө акчасын уттуруп чыгарын» айткан.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 30-июнунда Кыргызстанда казино ишмердигине уруксат берген мыйзамга кол койгон. Буга чейин парламентте мыйзамды кабыл алуу чуу менен коштолуп, өлкөнүн бир катар шаарларында кумаркана ачууга каршы митингдер өткөн.

Казино ишмердигине уруксат берилгенден бери алгачкы жолу казино ачууга лицензия үстүбүздөгү жылы 2-майда тапшырылган. «Гранд Казино» деп аталган кумарканага президенттин досу жана демөөрчүсү Арзыбек Буркановдун уулу Азат негиздөөчү болуп кошулган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: «Ринго Трейд» финансылык брокерине ири суммада акча уттурду делген тургундардын видеосу тарады

«Казиного окшош». Кара-Сууда тургундар финброкерди жабууну талап кылып чогулушту