Атамбаевдин экс-кеңешчиси Икрамжан Илмиянов Лейлектин «Ардактуу атуулу» болду

Икрамжан Илмияновго сыйлык тапшырылып жаткан учур. Сүрөт: Лейлек райондук администрациясы.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, «алдамчылык» беренеси менен соттолгон Икрамжан Илмияновго Лейлек районунун «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу 26-июлда райондук администрациядан билдиришти

Маалыматта райондогу эң жогорку сыйлык Илмияновго «аймактын өнүгүүсүнө салым кошкону үчүн» берилгени айтылат.

Сыйлык тапшыруу жана райондогу жарым жылда жасалган иштердин жыйынтыгын чыгаруу отурумуна президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров, депутат Чыңгыз Ажибаев катышты.

Райондук администрациядан Илмияновдон тышкары башка да коомдук ишмерлер, ак сакалдар жана мамлекеттик кызматкерлер сыйланганын кошумчалашты.

Илмиянов деген ким?

Икрамжан Илмиянов жана Алмазбек Атамбаев.

Икрамжан Илмиянов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси жана жакын адамдарынын бири болчу. 2017-жылы Атамбаев кызматтан кетерден мурда Илмиянов менен дагы бир кеңешчиси Фарид Ниязовду «Манас» ордени менен сыйлап, аларды «жакшы вазир» деп атаган.

Коомдо болсо Илмиянов «Атамбаевдин шоопуру» катары таанымал. Алгач ал Атамбаев жетектеген «Кыргыз автомашта» иштеп, кийинчерээк 2009-жылга чейин мурдагы президенттин жеке айдоочусу болгон. 

Бийлик алмашкан соң, 2018-жылдын октябрында Илмиянов Орусияда кармалып, алдамчылык, пара алуу жана башка кылмыштарга айыпталып, Кыргызстанга депортацияланган. Бирок бул айыптардын бирөө гана далилденген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2017-жылдын августунда, Илмиянов Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы президенттик штабынын жетекчисинин орун басары болуп турганда «Дизель комплект» компаниясынан «демөөрчүлүк жардам» жана «сыйакы» түрүндө 150 миң доллар алган. «Сыйакы» бийлик компаниянын унааларын камактан чыгарышы үчүн берилген.

Бишкектин Октябрь райондук соту 2019-жылдын октябрында Илмияновду «Алдамчылык» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга эркинен ажыраткан

Илмиянов мындан тышкары 160 миң сом айып пулга жыгылган. Ал акыркы сөзүндө тагылган айыптарды «жүйөсүз» жана «далилсиз» деп атаган.

2020-жылдын 19-июнунда Бишкек шаардык соту Илмияновдун жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскарткан. Кийин Октябрь райондук соту аны жатак-абагына которуу чечимин кабыл алган. 2022-жылы Илмиянов жаза мөөнөтүн өтөп бүтүп, эркиндикте экени кабарланган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сегизбаев: Икрамжан Илмиянов бажы жана салык кызматтарындагы коррупциянын башында турган