Кыргызстанда майнингге тыюу салуу үчүн петиция түзүлдү

Кыргызстанда активисттердин тобу Change.org порталында өлкөдө майнингге тыюу салуу үчүн петиция түзүп, кол топтой башташты

Алар АКШнын Баалуу кагаздар боюнча комиссиясына (Securities Exchange Commission) кайрылып, Кыргызстандын аймагында криптовалюта өндүрүп жаткан компанияларга санкцияларды салууну суранышууда. Алар аталган компаниялар мамлекеттин электр тармактарын (көмөкчордондорду, электр  чубалгыларын, электр жабдууларды) жана мамлекеттин электр энергиясын негизсиз пайдаланып жатыат деп эсептешет.

«Биздин жерлер жана ресурстар мамлекеттик тармактарыбызды ашыкча колдонуп, экологиялык жана экономикалык көйгөйлөргө алып келген майнинг фермаларынын мыйзамсыз иш-аракеттеринен жапа чегип келет. Бул компаниялар өнөр жай масштабдарында мамлекеттик электр энергиясын колдонуп, суу сактагычтардагы сууну сарптагандыктан, электр энергиясы үзгүлтүккө учурап жана калктын экономикалык активдүүлүгү начарлап жатат», — деп айтылат кайрылууда.

Мындан тышкары, активисттер Алексей  Ширшовго жеке санкцияларды салууну суранышкан. Алардын маалыматына ылайык, Ширшов «2008-жылдан бери Кыргызстандын энергетикасын өз командасы аркылуу шылуундук схемаларды колдонуу менен пландуу түрдө жок кылып жатат».

«Ошондуктан биз жергиликтүү элдин ресурстарды пайдалануу жана көзөмөлдөө укугу жөнүндө мыйзамды бузган Кыргызстандын аймагындагы бардык майнинг компанияларын токтоосуз жабууну талап кылабыз. Ошондой эле, жеке кызыкчылыктары үчүн энергетика чөйрөсүндө уруксаттарды манипуляциялаган бардык ортомчу компанияларды жабууну талап кылабыз», — дейт алар.

Кеминдеги майнинг ферма

Буга чейин «Клооп» менен «Азаттык» Кеминдеги «Соларкоин» майнинг компаниясы тууралуу эки башка иликтөө жарыялаган. Иликтөөлөрдө энергетикалык каатчылыктын шартында өлкөдөгү майнинг фермалар чоң көлөмдө электр энертиясын пайдаланууну улантып жатканы тууралуу сөз болгон. Бул көлөм Нарын облусуна бир жумага жетмек. Ошондой эле иликтөөчүлөр майнинг ферманын мамлекеттик энергокомпаниялардын директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен байланышын аныктап чыгышкан.

Бирок иликтөө чыккандан кийин энергетика министри Таалайбек Ибраев Кемендеги майнинг ферма Кыргызстандын электр энергиясын алуудан баш тартканын билдирген. Анын айтымында, «Соларкоин» электр кубатын Казакстандан ала баштайт, Кыргызстанга транзит үчүн 23 тыйын төлөй турат. Министрдин айтымында, бул болгону 17 млн сом гана алып келет.

Мындан тышкары, майнинг ферма Камбар-Ата-2 ГЭСинде да ачылат деп күтүлүүдө. Буга чейин «Клооп» өз иликтөөсүндө аталган компаниянын тактан кулатылган президент Бакиевдин үй-бүлөсү менен байланышы бар экенин айтып берген.

Кыргыз бийлиги өлкөдө электр энергиясы тартыштыгына карабастан майнинг фермалар менен келишимдерди түзүп келет. Өлкөдөгү электр энергиясына болгон тартыштыктан улам, 1-августтан тарта өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Президенттин жарлыгына ылайык, ал 2026-жылдын аягына чейин уланат.

Ал эми 2023-жылдын июлунун башында өкмөт башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев суу сактагычта суунун агып кирүүсү төмөн болуп аткандыктан тиешелүү мекемелерге «электр энергияга болгон лимитти катуу көзөмөлгө алууну» тапшырган. Божомолдорго ылайык, 2023-жылдын октябрында суу сактагычтагы суунун көлөмү 12,4 млрд метр кубду түзөрү күтүлүүдө, бул пландалгандан 2 млрд метр кубга аз.