УКМК: Салкынай Алимбаеванын ишинде саясий өңүт жок

УКМК оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын ишинде саясий өңүт жок деп билдирди. Атайын кызмат «бул иштин саясий сырын билебиз деп жалган маалымат тараткан соцтүйүндүн айрым колдонуучуларынын божомолуна» комментарий берди.

«Кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдардын талаптарына ылайык так жүргүзүлүп жаткан азыркы тергөөгө Равшан Жээнбековдун эч кандай тиешеси жок экенин белгилеп өтөбүз», — дешти УКМКдан. 

Ошондой эле атайын кызматтан Алимбаеванын баш коргоо чарасынын өзгөртүлгөнү да бул иште саясий өңүт жок экенин далилдей турганын кошумчалашты. Саясатчынын аялы ден соолугуна байланыштуу 29-июлда үй камагына чыккан

УКМКдан Алимбаеванын ишин саясатташтырып жатышканы тууралуу маалыматты «интернетте тараган абсурд ушак» деп атап, иш боюнча тергөө аяктоо этабында экенин белгилешти. 

Буга чейин сот Салкынай Алимбаеваны 24-сентябрга чейин үй камагына чыгарган. Соттон мындай чечим келтирилген материалдык чыгымдын орду толукталгандан соң кабыл алганын айтышкан.  

Алимбаеванын иши 

Салкынай Алимбаева үстүбүздөгү жылдын 25-майында УКМК тарабынан кармалып, сегиз саат сурак бергенден кийин камакка алынган. Ага «коррупция» беренеси менен айып тагылган.

Кийин жактоочу Разак Ашимбаев кардарына «муниципалдык жер участогун сатууга тиешеси бар» деген айып тагылып жатканын билдирген.

Алимбаеванын жактоочулары анын саламаттыгы начарлап жатканын бир нече жолу айтышкан. Алар Алимбаева менен Жээнбековдун жашы жете элек кызы таежесинин колунда калганын, ата-энесинин камакка алынышынан улам абалы оор экенин кошумчалашкан.

Ал эми 7-июлда Алимбаева шаардагы ооруканалардын биринде операция болгону маалым болгон. Бирок УКМК бул тууралуу маалымат берген эмес.

Равшан Жээнбеков президентке кайрылып, үй-бүлөсүн куугунтуктоону токтотууну талап кылган. Кийинчерээк Жээнбековдун кайненеси да өлкө башчысына кайрылып, кызы менен күйөө баласын бошотууну өтүнгөн.

Жээнбеков Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ага «Массалык башаламандык уюштуруу» беренеси менен айып тагылган. Ошондой эле «Кой-Таш окуяларына» байланыштуу дагы иш козголгон.