Ленин округунда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды

21-августта Бишкектин Ленин округундагы кайра шайлоонун үгүт иштери башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

Маалыматка караганда, БШК алдыда боло турчу кайра шайлоого 25 талапкерди каттады. Арасында «Кемпир-Абад иши» боюнча айыпталып, учурда үй камагында жаткан Чыңгыз Капаров жана Бишкектеги таза суу талап кылынган акцияга байланыштуу эки айга камалган блогер Эртай Искаков да бар.

Буга чейин, 2-августта БШК экс-депутат Жаныбек Абировду аталган округдан талапкер катары каттоодон баш тарткан. Кайра шайлоо өткөрүүгө дал ушул экс-депутат Абировдун Бишкектин кафелеринин биринде мушташка аралашып, андан соң өз каалоосу менен мандатын тапшырганы себеп болгон.

Абиров мандатын тапшыргандан кийин кайра шайлоо болуп, бирок анын да жыйынтыгы жокко чыгарылган. Жокко чыгарууга эң көп добуш алган Дамира Ниязалиева жана Улан Сариевдин добуш сатып алууга шектелгени негиз болгон. Биринчи шайлоого 18 млн 636 миң 500 сом жумшалган.

Ленин районундагы мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо 10-сентябрда болот. Бул жолку шайлоого 13 млн 208 миңден ашык сом жумшалары маалымдалган.