Президенттин мурдагы тарапташы Мелис Аспеков амнистия менен абактан бошотулду

Активист Мелис Аспеков. Сүрөт: Айбек Бийбосунов / Azattyk

Алдамчылыкка жана акча опузалоого айыпталып, 7 жылга кесилген активист Мелис Аспеков амнистия менен абактан бошотулду. Бул тууралуу 30-майда анын жактоочусу Сергей Манукян «Азаттыкка» билдирди.

Аспековго ырайым берилгени тууралуу маалыматты 24.kg басылмасына Жаза аткаруу кызматынан тастыкташты. Маалыматка ылайык, активисттин жаза мөөнөтү 2021-жылдын 19-январында башталып, 2027-жылы абактан чыгышы керек болчу.

«Бирок 2023-жылы 23-майда Президенттин “Соттолгондорго ырайым кылуу жөнүндө” жарлыгы чыккан. Алардын арасында активист да бар. Мелис Аспековдун жаза мөөнөтү үч жыл сегиз айга кыскартылды. Ал жаза мөөнөтүн өтөөдөн бошотулду», — деп айтылат билдирүүдө.

Активист 2022-жылдын март айында жети жылга эркинен ажыратылган болчу.

Аспековдун иши

Мелис Аспеков — Садыр Жапаровдун тарапташы болгон. Активист «Кыргыз темир жолунун» жетекчилигинен 250 миң доллар пара опузалоого шектелип 2021-жылдын анварында кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Аспеков дагы бир активист Улан Жураев менен ишкананын жетекчилигин финпол тарабынан текшерүү жөнөтөбүз, «Кыргыз темир жолуна» каршы митинг уюштурабыз деп ири суммадагы акча опузалашкан. Бул окуядан кийин, ошол кезде президенттикке талапкер болуп турган Садыр Жапаров Аспековдун кармалышына карата оюн билдирип, «ар ким кылган иши үчүн жооп бериши керек» деп билдирген.

Андан кийин эле, 2021-жылдын май айында Аспеков Садыр Жапаров шайлоо кампаниясына экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана анын иниси Асылбек Жээнбековдон 10 млн доллар алган деп билдирүү жасаган. Аспековдун бул тууралуу каты Фейсбук барагында жарык көргөн.

Андан кийин Жээнбековдор ар-намысы менен кадыр баркын коргоо үчүн сотко арыз беришкен. Бирок Аламүдүн райсоту арызды кыргызча жазылбагандыктан доогерлерге кайтарып берген.

Ошол эле жылдын 12-майында фейсбукта УКМКнын ТИЗОсунан Аспековдун атынан делген кайрылуу пайда болгон. Кайрылууда УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери аны үч ай бою кыйнап, финполдун экс-башчысы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берүүнү талап кылышканы айтылган. Билдирүүдө Аспековдун денесиндеги көгала тактар көрсөтүлгөн сүрөттөр да болгон.

УКМК кыйноо тууралуу маалыматты четке кагып, бул маалыматты «коомчулуктун башын адаштыруу аракети катары баалашарын» билдирген.

Көп өтпөй эле 24-майда УКМК Аспековго карата дагы бир кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн версиясы боюнча, Аспеков Б.Л. аттуу аялдан тууганын абактан бошотуп чыгарып берүүнү убада кылып, алдамчылык менен 15 миң доллар алган.

Аспеков 9-августта инфаркт болуп, тергөө абагынан ооруканага жаткырылып, жүрөгүнө операция жасалган. Иниси Азамат Аспеков агасына өз убагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөнүн айткан. Августтун аягында «Бикард» жеке клиникасында Аспековдун жүрөгүнө операция жасалган. Андан соң ТИЗО-1ге которулган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Мелис Аспеков жети жылга эркинен ажыратылды