«Протокол — шылтоо». «Бүтүн Кыргызстандын» Мадумаровдун кармалганы боюнча билдирүүсү

4-сентябарда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын саясий кеңеши Жогорку Кеңештин депутаты, партиянын лидери Адахан Мадумаровдун камалганына байланыштуу кайрылуу жасады.

Кыргыз элине, Конституциянын кепили катары президентке жана парламентке жолдонгон кайрылууда «Бүтүн Кыргызстан» партиясы оор күндөрдү баштан кечирип жатканы айтылат.

Анда соңку үч жылдан бери партия мүчөлөрү коркутууга, психологиялык басымга, кылмыштуу куугунтукка кабылып жатканы, 2-сентябрда болсо партиянын лидери «одоно мыйзам бузуу менен» кармалганы белгиленет.  

«Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда өз алдынча чечим чыгарууга укугу да, мүмкүнчүлүгү да жок болчу, болгону ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин тапшырмасын аткарган. Протокол Кыргызстандын парламентинде да каралган эмес. Демек, анын күчү жок жана бул Кыргызстандын тажик тарап менен сүйлөшүүлөрүнө жолтоо болбошу керек», — деп белгиленген билдирүүдө.

Ошондой эле Мадумаров жумушчу протоколго кол койгондон бери 14 жыл өткөнү, саясатчынын атаандаштары Тажикстан менен жаңжал чыкканда анын жоопкерчилиги тууралуу меселени маал-маалы менен көтөрүп келатышканы айтылат.

«Мадумаров бул маселе боюнча өзүнүн позициясын бир нече жолу түшүндүргөн. Биринчиден, жерди ижарага берүү ал тажик тарапка өттү дегенди түшүндүрбөйт. Экинчиден, Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү Баткен — Исфана жолун куруу маселеси мына ушундайча чечилген», — деп белгиленет кайрылууда.

Партиянын саясий кеңеши протокол Мадумаровду жана «Бүтүн Кыргызстан» партиясын «жок кылуу» үчүн жөн гана шылтоо болгонун белгилейт.

Мадумаров 2-март күнү жашы жете баласы менен сейилдеп жүргөндө ИИМ тарабынан кармалып, ошол эле күнү 24-октябрга чейин камакка алынган. Ага 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн «Мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен айып тагылды. Мадумаров аны «жомок» деп атоодо.

Мадумаров жана аны жоопко тартуу аракети

Буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берүүнү өтүнүп, бир нече жолу парламентке кайрылган. Биринчисинде депутаттар каршы болгон.

Экинчи жолу эл өкүлдөрү атайын комиссия түзүп, Мадумаровду прокуратура сунуштаган төрт берененин бири — «Бийликтен аша чабуу» боюнча гана жоопко тартууга уруксат берген.

Ошондой эле Мадумаровдун депутаттык мандаты сакталып, өз милдетин уланта берери белгиленген. Эл өкүлү аны жоопко тартуу аракетин «саясий иш» деп атаган.

Адахан Мадумаров — Жогорку Кеңештеги оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери. Эл өкүлү азыркы бийликти адам укуктарын бузуп, Конституцияны сактабай жатат деп бир нече жолу сынга алган. 

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Мадумаровду бир нече жолу парламентте «каматам» деп коркутса, президент Садыр Жапаров эл өкүлүн «өзүнөн башканы президент көрбөгөн оорусу менен ооруп жүрөт» деп сындаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Эми анык. Депутаттык комиссия Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди

Мадумаров прокуратуранын жоопко тартуу аракетин «саясий иш» деп атады