Бишкек шаардык сот жазуучу Олжобай Шакирди камакта калтырды

Бишкек шаардык соту жазуучу жана активист Олжобай Шакирди эки айга камакка алуу боюнча райондук сот чыгарган өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу «Клоопко» 18-августта шаардык соттон маалымдашты.

Жазуучу «массалык башаламандыкка чакырык таштоого» шектелип 23-августта УКМК тарабынан кармалган. Эртеси күнү ал эки айга камакка алынган

Ал эми бир катар коомдук ишмерлер бийликтен жазуучуна «эркиндикке чыгарууну талап кылган. Бирок шаардык сот жазуучунун кармалышын мыйзамдуу деп тапкан.

Кармалганга чейин Олжобай Шакир фейсбук аркылуу элди Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга берилишине каршы 31-августта өтө турчу тынчтык митингине чакырган. Ал буга чейин эле бийликти байма-бай сындап келген.

Ал эми Ысык-Көлдөгү «Энесай» («Дилором»), «Бостери» («Алтын кум»), «Рохат» жана «Бустон» пансионаттары 49 жылга коңшу өлкөнүн башкаруусуна берилери 17-августта маалым болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Олжобай Шакирди боштууну талап кылган коомдук ишмерлер бийликке кайрылуу жолдошту

Шаардык сот жазуучу Олжобай Шакирдин кармалганын мыйзамдуу деп тапты