Дагы бир алтын! Жоламан Шаршенбеков экинчи жолу дүйнө чемпиону болду

23-сентябрда кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков Сербияда өтүп жаткан Дүйнө биринчилигинде чемпион болду.

Грек-рим күрөшү боюнча балбан 60 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, финалдык беттеште япониялык атаандашы Кеничиро Фумитаны 11:6 эсебинде жеңди.

Финалга чейин Шаршенбеков Литва, Грузия, Өзбекстан жана Ирандын спортчуларын артта калтырган. Спортчунун финалга чыгуусу 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомону камсыздаган.

Жоламан Шаршенбеков — 2022-жылдагы Дүйнө чемпионатынын да жеңүүчүсү, Азиянын эки жолку чемпиону жана Дүйнө кубогунун алтын медалынын ээси.

Буга чейин Бириккен күрөш дүйнөсү Шаршенбеков менен Акжол Махмудовду 2022-жылдын «тарых жаратуучулары» деп тапкан. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 4-февралында эки балбан «Даңк» ордени менен сыйланышкан.

Улуттук курама команда ушуну менен бул жолку Дүйнө чемпионатында бешинчи медалды жеңди. Кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулу Тыныбекова алтын, Айпери Медет кызы күмүш, эркин күрөш балбаны Тайырбек Жумашбек уулу коло, грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов алтын байгеге ээ болгон.

Аталган мелдеш 16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтөт. Спортчулар эркин, грек-рим жана аялдар күрөшүндө күч сынашып жатышат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпионатында финалга чыгып, Олимпиадага жолдомо утту

Акжол Махмудов экинчи жолу дүйнө чемпиону болду