Селекцияда бычакталган аялдын жакындары парламентке келишти

Үй-бүлөлүк, гендердик жана сексуалдык зомбулукка айыпталгандарды пробация менен бошотууга жол бербеген мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу 9-октябрда парламенттин Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңдик боюнча кеңеши өткөргөн жыйында белгилүү болду.

Чогулушта Селекцияда бычакталган Асел Ногойбаеванын окуясы талкууланып, ага жабырлануучунун жакындары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, эксперттер жана бир нече депутат катышты.

Ногойбаеванын жакындары зөөкүрдү пробация менен бошотуп жиберген сотторго нааразы экенин белгилешти. Анын таежеси Айнура Катаганова шектүү аны көп жылдан бери коркутуп келгенин эскерди. 

«Судья менен прокурор анын өтүнүчүнө карабай, айыпталуучуну сот залынан бошотуп жиберген. Сиңдим ыйлап, аны коргоосун суранган. Бирок алар кулак салбай, натыйжада ушул коркунучтуу кылмыш болду. Биздин коомдо аялдарга болгон мамиле ушундай» , — деп нааразы болду ал.

Ал эми депутат Динара Ашимова окуяга байланыштуу прокуратура, сот жана башка тиешелүү органдардын ишин иликтеп чыгуу зарыл экенин айтты.

Жыйындын соңунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган аялдарды коргоого багытталган резолюция кабыл алынды.

Буга чейин, жолдошу тарабынан бычакталган аял Асел Ногойбаеванын юристи Индира Саутова жабырланучуга убагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөнүн билдирген.

Селекцияда бычакталган аял

36 жаштагы аялдын кыйноого кабылганы тууралуу 20-сентябрда белгилүү болгон. Ал бети-башы, мойну кескиленген абалда ооруканага жаткырылган. Бул боюнча «Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү» беренеси менен иш козголуп, 39 жаштагы шектүүнү кармалган — ал эки айга камакка алынды.

Бул окуя милиция жана судьялардын ишине карата сынды күчөткөн. жабырлануучу ажырашып кеткен күйөөсү зордуктап кетип атканына арызданып милицияга эки жолу кайрылганы белгилүү болгон. Чүй ОИИБи биринчи жолкусунда жабыркаган аял тосмо арыз жазкандыктан сот териштирүүнү токтотконун билдирген.

Бирок жабырлануучунун сиңдиси андай маалыматты четке кагууда. Экинчи жолкусунда сот айыпталуучуну пробациялык көзөмөлгө коё берген. Ал эми Жогорку сот судьянын аракетине тийиштүү баа берилерин билдирген

ИИМ өз кезегинде мекеменин башчысы Улан Ниязбеков «кылмыш ишинин объективдүү жана ар тараптуу иликтенишине кепилдик берүү үчүн» бул ишти жеке көзөмөлүнө алганын билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Юрист: Селекцияда бычакталган аялга убагында медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес

Селекцияда бычакталган аялдын иши: Сот шектүүнү зордуктоо фактысы боюнча 8 жылга кести