Ташиев: Үч-төрт айда Жалал-Абаддагы эл аралык чоң аэропорттун курулушун баштайбыз

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Көк-Арт өрөөнүнө эл аралык чоң аэропорт курула турганын билдирди. Бул тууралуу ал 2-декабрда Көк-Жаңгак шаарындагы маданият үйүнүн ачылышында айтты.

«Ушул жерден дүйнөнүн төрт бурчуна уча турган болосуңар. Москванын Проект институтунан келген адистер жерди тандап кетишти, азыр долбоорун жасап жатышат. Ушул жерге аэропорт курса болот деген корутундусу чыгыптыр, 3-4 айда курулуш ишин баштайбыз», — деди ал.

Ошондой эле Ташиев аймакка жаштар үчүн олимпиадалык резервдеги мектеп куруларын белгиледи. Анын айтымында, мектепте спортчулар үчүн борбор калаадагыдай шарттар түзүлөт. 

Атайын кызматтын башчысы жыйынга келген тургундарды «Жалал-Абад шаарыбыз өлкөдөгү эң үлгүлүү шаарлардан болот» деп ишендирди. Бирок Ташиев бул иштер үчүн каражат кайдан жана канча сом жумшаларын ачыктаган жок. 

«Жалал-Абад шаарындагы түрмө 1-январдан тарта толук буздурулуп, ордуна админстративдик имараттар, иш-чара өтүүчү аянт курулат. Облустагы бүтпөй калган жолдор, көчөлөр 2024-жылы толугу менен бүткөрүлүп, кошумча көчөлөр салынат», — деди Ташиев.

Өткөн жылы Темиров Live каналы президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бийликке келгенден баштап, өздөрүнүн кичи мекенин* өнүктүрө баштаганы тууралуу видео жарыялаган.

*Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында, Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айылында туулуп өскөн.

Президенттин ошол кездеги басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Жапаров менен Ташиевдин туулуп өскөн айылдары гана өнүгүп жатат» деген сынга жооп берип, башка жерлер да өнүгүп жатканын айткан. Ал өлкө боюнча курулуп жаткан имараттардын тизмесин жарыялаган.

Ал эми азыркы тапта Баткен, Аксы, Нарын, Талас райондорунда, Каракол шаары жана Тамчы айылында жаңы аэропорт курулуп, эскилери оңдолуп жатат. Алардын айрымдары кийинки жылы ишке берилери пландалууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абад: Камчыбек Ташиев асфальт төшөлгөн көчөнүн ачылышына катышты