Эмил Жамгырчиевдин иши: Депутаттык комиссия аны жоопко тартууга макул болду

Депутат Эмил Жамгырчиев.

9-январда жергиликтүү басылмалар «Альянс» фракциясынын мүчөсү Эмил Жамгырчиевдин иши боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия аны кылмыш жообуна тартууга негиз бар деп тапканын жазды. 

Маалыматка ылайык, жабык өткөн жыйында Жамгырчиевди жоопко тартууга комиссиясынын жети мүчөсү макул болсо, бирөө каршы чыккан. 

Ошол эле күнү УКМКнын кызматкерлери депутатка чакыруу кагазын берүүгө аракет кылганда ал фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип чыгып кеткенин кабарланды.

Ал эми эл өкүлү Дастан Бекешев кесиптеши Жамгырчиевдин иши боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу бүгүн, 10-январда парламенттин жалпы жыйынында караларын ырастады

Ошондой эле ал кесиптешини «тезереден секирип түшүп качып кетти» деген маалыматка ишенбей турганын белгилеп, бирок башка кесиптештери анын ошондой кадамга барганын айтканын кошумчалады.

Азырынча Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы депутаттык комиссиянын корутундусу боюнча расмий маалымат бере элек. Бул маселе боюнча депутаттын өзүнө жана УКМКга байланышууга мүмкүн болгон жок.

Жамгырчиевге байланыштуу комиссия 27-декабрда түзүлгөн. Ага депутаттар Данияр Төлөнов, Элдар Сулайманов, Бахридин Шабазов, Кубанычбек Самаков, Алишер Эрбаев, Бакыт Тентишев, Азамат Исраилов, Султанбай Айжигитов кирген.

Жамгырчиевди жоопко тартууга уруксат берүүнү башкы прокурор Курманкул Зулушев суранган. Анын сунушунда депутат «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө» айыпталып жатканы айтылган. Жамгырчиев айыптоону «саясий куугунтук» деп атагын.

Эмил Жамгырчиевге козгологон кылмыш иштери

2019-жылы Эмил Жамгырчиев «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Пара алуу» жана «Опузалап пара алуу» беренелери боюнча айыпталган.

Анда Кытайдан өрдөктүн этин контрабанда жолу аркылуу жеткирип иштеген деп айыпталган жеке ишкер Эмир Эмилканов кылмыш ишин жабуу үчүн Жамгырчиевге өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов аркылуу ири суммадагы пара төлөгөнүн айткан. Иш жабылган эмес, Эмилканов Жамгырчиев менен Калмуратовдун үстүнөн УКМКга арыз жазган. Жамгырчиев ишкердин айткандарын «ыплас ушак» деп атаган.

2020-жылдын октябрь айында Жамгырчиев жана Калмуратов «Пара алууга» шектелип кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Бирок 2021-жылдын февралында Жамгырчиев үй камагына чыгарылган. Арадан эки ай өткөндө Калмуратов да үй камагына чыккан.

Кийин Эмилканов айыпталуучулар 27 миң долларлык чыгымды төлөп бергенин, аларга доосу жоктугун айткан. Ошол эле учурда Жамгырчиев эч кандай акча төлөбөгөнүн белгилеген. 

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жамгырчиев менен Калмуровду актаган. Анда сот Калмуратовго тагылган айыпты «Алдамчылык» беренесине алмаштырып, жабырлануучунун доосу жок болгондуктан ишти кыскарткан.

Кийин Жамгырчиев «Альянс» партиясынан парламенттик шайлоого катышып, 2022-жылдын мартынан тартып Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Депутат Эмил Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши кайра жанданды