УКМК: Депутат Эмил Жамгырчиев бир айга камакка алынды

«Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө» шектелип жаткан депутат Эмил Жамгырчиев 26-февралга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Биринчи май райондук соту өкүм чыгарууда депутаттын тергөөдөн жашырынып кетүүгө реалдуу мүмкүнчүлүгү бар экенин эске алган.

УКМКдан Жамгырчиевге козголгон иш боюнча тергөө жакында аяктап, сотко жөнөтүлүп жана алар тиешелүү чечим чыгарарын кошумчалашты.

Ал эми Жамгырчиев аны аскер кызматкерлери сот залынан чыгып баратканда өкүмгө макул эмес экенин айтып, жогорку инстанцияга арызданарын айткан.

10-январда Жогорку Кеңештин депутаттары Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берген. Жамгырчиевдин ишин караган депутаттык комиссиянын төрагасы, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Алишер Эрбаев ага Өзбекстанда да кылмыш иши козголгонун билдирген.

«Өзбекстанда жүргүзүлгөн тергөө ишинин жыйынтыгында, Жамгырчиев Жогорку Кеңештин депутаты болуп туруп Борбор Азияда белгилүү Салим Абдувалиев аттуу адамдан колдоо алуу максатында аны менен жашыруун жолугуу үчүн 2022-жылдын декабрь айында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп Ташкент шаарына барганы аныкталды», — деген ал.

Эрбаев Жамгырчиев жардамчысы аркылуу коңшу өлкөгө жети даана мамлекеттик бланк алып чыгып кеткенин да кошумчалаган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев депутатты камайлы деген ою жок экенин айтып, чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө айыпталгандар камалбашын, айып пул же пробациялык көзөмөлгө алынаарын билдирген.

Эмил Жамгырчиевге козгологон кылмыш иштери

2019-жылы Эмил Жамгырчиев «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Пара алуу» жана «Опузалап пара алуу» беренелери боюнча айыпталган.

Анда Кытайдан өрдөктүн этин контрабанда жолу аркылуу жеткирип иштеген деп айыпталган жеке ишкер Эмир Эмилканов кылмыш ишин жабуу үчүн Жамгырчиевге өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов аркылуу ири суммадагы пара төлөгөнүн айткан. Иш жабылган эмес, Эмилканов Жамгырчиев менен Калмуратовдун үстүнөн УКМКга арыз жазган. Жамгырчиев ишкердин айткандарын «ыплас ушак» деп атаган.

2020-жылдын октябрь айында Жамгырчиев жана Калмуратов «Пара алууга» шектелип кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Бирок 2021-жылдын февралында Жамгырчиев үй камагына чыгарылган. Арадан эки ай өткөндө Калмуратов да үй камагына чыккан.

Кийин Эмилканов айыпталуучулар 27 миң долларлык чыгымды төлөп бергенин, аларга доосу жоктугун айткан. Ошол эле учурда Жамгырчиев эч кандай акча төлөбөгөнүн белгилеген. 

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жамгырчиев менен Калмуровду актаган. Анда сот Калмуратовго тагылган айыпты «Алдамчылык» беренесине алмаштырып, жабырлануучунун доосу жок болгондуктан ишти кыскарткан.

Кийин Жамгырчиев «Альянс» партиясынан парламенттик шайлоого катышып, 2022-жылдын мартынан тартып Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жогорку Кеңеш депутат Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берди

Депутат Эмил Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши кайра жанданды