УКМК: Кылыч Саркарбаев соттолгондугун жашыруу максатында жасалма паспорт алган

Кылыч Саркарбаев

Ош шаардык мэриясынын спорт комитетинин жетекчиси Кылычбек Саркарбаев жасалма паспорт алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 17-декабрда маалымдады.

УКМКнын пресс-релизинде, Кылыч Саркарбаев өзүнүн соттолгондугу тууралуу маалыматты жаап-жашыруу максатында жасалма документтердин негизинде жалпы жарандык паспорт алганы айтылат.

«Ал 2006-жылы “Тоноо” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, бир жылга шарттуу кесилген. Саркарбаев аты-жөнүн өзгөрткөнгө чейин Кылыч Сулайманов Асылбекович болгон. Ошол паспорт менен Ош шаардык спорт комитетинин башчылык кызматына кирген», — деп билдирди УКМК.

Мындан сырткары, ведомство Саркарбаев уюшкан кылымыштуу топтун лидери «Женго» каймана аты менен белгилүү болгон Кадыр Досонов менен тыгыз байланышта экендигин белгилеген.

«Саркарбаев УКТнын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болуп туруп, көптөгөн криминалдык чыр-чатактарга катышкан. Ошондой эле, эрежесиз уруш боюнча белгилүү мушкер менен ок атышууга да аралашкан. УКМК мындан ары да Саркарбаевге байланыштуу мыйзамсыз иштерди иликтөөнү улантат», — деп билдиришти атайын кызматтан.

Шектүү УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары улантылууда.

Ош мэриясынын басма сөз кызматынан «Клоопко» Саркарбаев кармалганга чейин Ош шаардык спорт комитетинин башчысы болуп иштеп турганын маалымдашты.

«Саркарбаев парламенттик шайлоого карата 20-августтан 6-октябрга чейин акысыз эмгек өргүүсүн алган. Андан кийин 5-ноябрдан бир айга мыйзамдуу эмгек өргүүсүнө чыгып, кайра 9-декабрдан тарта жумушунда иштеп жаткан болчу», — деп билдиришти мэриядан.

Кылыч Саркарбаев

Ош облустук ички иштер башкармалыгынан Саркарбаев 2019-жылдын 22-сентябрында спортчу Төлөгөн Рахманберди уулун пикир келишпестиктен улам тапанча менен атып жибергенин маалымдашкан. Окуя Кара-Суу районунун Фуркат айылында болгон. Аталган факт «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен катталып сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилип, жоон санына ок тийгени аныкталган. Кийинчерээк Рахманберди уулу Саркарбаев менен ага-ини мамиледе экендигин айтып, тапанча менен өзүн-өзү атып алгандыгын билдирген. Ал эми Саркарбаев да спортчуну атпаганын кабарлаган.

Анткен менен спортчу 14-февралда президентке фейсбук аркылуу видео кайрылуу жасап, аны Саркарбаев бутуна тапанча менен атканын айткан. Мындан сырткары, ал Саркарбаев Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов менен бирге аны «арыз жазба» деп коркутканын билдирген.

Ал эми Саркарбаев өзү муну төгүндөп, ага карата мындай көрсөтмө берүүсүнүн артында «кимдир-бирөөлөрдүн кызыкчылыгы жатат» деген пикирди айткан.

Мындан улам Саркарбаев үстүбүздөгү жылдын 17-февралынан убактылуу иштен четтетилип, кайра августта ишке кайткан. Ош мэриясы Саркарбаев укук коргоо органдарынан Кара-Суу районундагы атышууга тиешеси жок деген документтерди алып келгендигин маалымдаган.