Бир катар банктар кыргыз-тажик жаңжалында жапа чеккендердин насыясын кечти

Баткен облусу. Сүрөт: Нуризат Мирланбек кызы / Kloop.kg

«Мол булак» чакан насыя компаниясы Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жабыр тарткан 130 кишинин насыясын жойду. Анын ичинен 126сы чек арадагы чырда денесинен жаракат алгандар, ал эми төртөө каза болгон тургундар. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.

Мындан сырткары, аталган компания чек арадагы чырда каза болгон 36 тургундун үй-бүлөсүнө 25 миң сомдон, жаркат алган 154 кишиге 10 миң сомдон тапшырды.

«Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев буга чейин Баткен облусунда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн банктардын өкүлдөрү менен жолуккан. Ал банк өкүлдөрүнө чек арадагы окуяда жабыркаган жарандардын насыяларын кечүү же жеңилдиктерди берүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кароону тапшырган болчу», — деди Бердикулова.

Ошондой эле, басма сөз катчы буга чейин «Компаньон» банкы 17 жарандын насыясын кечип, 3 жарандын насыясынын пайызын төмөндөткөнүн кошумчалады. Ал эми «РСК банкы» каза болгон бир аскердин насыясын жоюп, жаракат алган 7 аскер кызматкерлеринин насыясынын пайызын жарым жылга токтоткон.

Мындан сырткары, «Бай түшүм» банкы да каза болгон 2 кишинин жана турак жайы өрттөлгөн 7 жарандын насыясын жоюу чечимин кабыл алган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал 28-апрелде Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында башталган. Анда тажик тарап мамычалардын биринде байкоочу камера орнотууга аракеттенген. Бирок кыргызстандыктар буга каршылык көрсөтүп эки тарап бири-бирине таш ыргыта баштаган.

Чыр куралдуу кагылышууга айланып, Кыргызстандан 189 киши жарадар болгон. Анын ичинен 36 кыргыз жараны каза тапкан. Эң көп жоготуулар Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында катталган — анда тажик тараптан атылган миномёттон 25 киши көз жумган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда 129 турак үй жана 84 объект жабыркаган.

Президент Садыр Жапаров 6-майда Лейлек районундагы Максат айылынын тургундары менен жолугушууда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон компенсация төлөнө турганын билдирген. Ошондой эле, өрттөнгөн үйлөрдүн ордуна жаңы турак-жайлар салынарын айткан.

Кыргыз бийлиги чек арадагы жаңжалда бузулган айылдарды калыбына келтирүүгө 700 млн сом бөлгөн. Анын 500 млн сому социалдык объектилерди курууга жумшалат. Ошол эле учурда өкмөт жабыркагандардын үйлөрүн гана куруп берүү милдетин алат, бирок алардын уурдалган мал-мүлкүнө жоопкерчилик албайт.