Борбордук шайлоо комиссиясы партиялык тизме боюнча парламенттик шайлоонун жыйынтыгын таанып, алты партия жеңишке жеткенин аныктады.
Шайлоонун 5%дык босогосунан төмөнкү партиялар өттү:
- «Ата-Журт Кыргызстан» — 222 005 добуш же 17.32%;
- «Ишеним» — 174 470 добуш же 13.61%;
- «Ынтымак» - 141 009 добуш же 11%;
- «Альянс» - 106 955 добуш же 8.35%;
- «Бүтүн Кыргызстан» - 90 223 добуш же 7.04%;
- «Ыйман Нуру» - 79 025 добуш же 6.17%.
Алган добуштарына ылайык 54 мандат аты аталган беш партиянын ортосунда бөлүштүрүлдү. Дагы 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.
«Ата-Журт Кыргызстан» — 15 мандат
- Бакыт Төрөбаев;
- Фархат Исмаилов;
- Таалайбек Сарыбашов;
- Айбек Маткеримов;
- Жеңишбек Токторбаев;
- Элдар Сулайманов;
- Равшан Сабиров;
- Жылдыз Садырбаева;
- Алишер Козуев;
- Жаныбек Кыдыкбаев;
- Таалайбек Масабиров;
- Жамиля Исаева;
- Надира Нарматова;
- Камила Талиева;
- Гүлшаркан Култаева.
Дагы окуңуз: «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын алдын ала тизмеси жарыяланды
«Ишеним» — 12 мандат
- Медербек Алиев;
- Эмилбек Жусупов;
- Жылдыз Таалайбек кызы;
- Сүйүнбек Өмүрзаков;
- Улугбек Ормонов;
- Нурбек Сыдыгалиев;
- Марат Мураталиев;
- Бахридин Шабазов;
- Русланбек Жакышов;
- Миргүл Темирбаева;
- Айсара Абдибаева;
- Чолпон Султанбекова.
Дагы окуңуз: Вице-спикер, экс-аким жана депутаттар. «Ишеним» партиясынын биринчи бештиги
«Ынтымак» — 9 мандат
- Эрулан Көкүлов;
- Шарапаткан Мажитова;
- Талант Мамытов;
- Бакыт Тентишев;
- Мурадил Сыдыков;
- Марлен Маматалиев;
- Балбак Түлөбаев;
- Аида Исатбек кызы;
- Лейла Лурова.
Дагы окуңуз: «Ынтымак» партиясынын 20 талапкери белгилүү болду
«Альянс» — 7 мандат
- Чыңгыз Айдарбеков;
- Алтынбек Сулайманов;
- Азамат Исираилов;
- Фарходбек Алимжанов;
- Гүлкан Молдобекова;
- Нилуфар Алимжанова;
- Токтобүбү Оргалча.
*Алдын ала жыйынтык боюнча, «Альянс» партиясынын теңтөрагасы Жанар Акаев парламентке өтмөк. Бирок БШК 15-декабрда «добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизип, Жанар Акаевдин ордун Токтобүбү Оргалча ээледи.
Дагы окуңуз: «Альянс» 13 талапкерди ачыктады, съездге дагы кимдер катышты?
«Бүтүн Кыргызстан» — 6 мандат
- Адахан Мадумаров;
- Исхак Масалиев;
- Эмил Токтошев;
- Алишер Эрбаев;
- Орозайым Нарматова;
- Гуля Кожокулова.
Дагы окуңуз: «Бүтүн Кыргызстан» тизмесин бекитти, партияны шайлоого Мадумаров баштап барат
«Ыйман Нуру» — 5 мандат
- Нуржигит Кадырбеков;
- Султанбай Айжигитов;
- Замирбек Мамасадыков;
- Винера Раимбачаева;
- Динара Ашимова.
Ошондой эле Боршайком 36 округдун 35нин жыйынтыгын аныктады. Учурда №31 Чүй-Кемин шайлоо округунун жыйынтыгы чыгарыла элек, анткени эң көп добуш алган талапкер Медербек Саккараевдин кош жарандуулугу текшерилип жатат.
Ал эми №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарынын шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылды, анткени ал жерде «баарына каршы» эң көп добуш алган. Эми аталган округдарда кайра шайлоо өткөрүлөт.